Жакартада жардыруу

295
0

«Азаттык» радиосу 2016-жылдын 14-январь күнү кабарлагандай, Индонезиянын борбору Жакартада кеминде алты жардыруу болгон.

Жардыруу иштери негизинен кафе жана соода борборлорунда болгону айтылууда. Күч органдары жарандарды коомдук жайларга барбай турууга чакырып, жанкечтилер дагы болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Бул окуяларга “Ислам мамлекети” уюмунун тиешеси бар деген кабарлар таркатылган.

Россиянын РИА Новости агенттиги Британиянын Би-би-си каналына таянып, ушул эле күнү Түркиянын батыш аймактарында да жардыруу болгону тууралуу кабар таркатты.

Жардыруучу зат менен толтурулган машина Диярбакир провинциясындагы полиция бөлүмүнүн алдында жардырып жиберилгени айтылат. Кабарда келишинче, бул жардыруудан 5 адам өлгөн. Түрк бийлиги бул жардырууларга Күрдстан жумушчулар партиясынын согушкерлерин күнөөлөп жатат.

12-январь күнү Стамбул шаарынын борборундагы Султан Ахмет аянтында жардыруу жүз берген болчу. Анда негизинен германиялык 10 турист өлүп, дагы ондогон адам жарадар болушкан эле. Түрктөр бул ишти сириялык жанкечти өзүн-өзү жардырып жиберген деп божомолдоп жатышат.

Туркистон: 

Дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттер капиталисттик куфр системасы негизинде ар дайым бири-бири менен кызыкчылыктарды талашып келишет. Бул нерсе кызыкчылык негизине курулган капиталисттик системанын ажырагыс табияты болуп, бул системадан мындан башка натыйжаларды күтүү мүмкүн эмес.

Дүйнөдөгү жетекчи мамлекеттер өз ара геосаясий кызыкчылыктарды талашып жатканда дээрлик бирдей ыкмалар менен иш жүргүзүшөт. Алар бир алсыз мамлекети башка бир ири мамлекеттин кол астынан тартып алмакчы болушса, ал жерде албетте ар түрдүү жолдор менен башаламадыктарды же согуштарды пайда кылуу үчүн исламий согушкерлердин атынан жардыруу иштерин уюштурушат.

Кээде бир мамлекет өзүндөгү ыңгайсыз бирер күчтү жок кылуу үчүн же бул күчкө карата мамилесин кескин өзгөртүү үчүн ошол оппозициялык күчтүн атынан жарандарга зыян жеткирүүчү операцияларды уюштурат. Муну биз жакында эле Францияда уюштурулган бир катар жардырууларда көрдүк.

1999-жылдардагы Путинди бийликке алып келүү максатындагы бир катар жардыруу операциялары; Чеченстанды басып алуу үчүн уюштурган дагы бир нече жардыруу иштери; Кытай Уйгурстанда өз режимин күчөтүп алуу максатында 2013-жылдан бери уйгурлардын атынан бир катар операцияларды уюштурушу; АКШ Нью-Йоркто уюштурган 11-сентябрь окуясы, – ушулардын баарын ошол чоң мамлекеттер бирер кызыкчылыкка жетишүүү үчүн уюштурганын тарыхтан көрө алабыз.

Жогоруда Францияга көз каранды болгон Индонезиянын жана АКШнын колониясы болгон Түркиянын Ислам жана мусулмандарга карата ички стротегияларын кожоюндарынын багыттарына ылайыкташтыруу үчүн аракет кылып жатканына күбө болуп жатабыз. Алар дүйнөлүк куфр системасынын Исламга каршы жаңы жана жалпы багытына ылайыкташып жатышат.

Индонезия Исламга өтө жакын жана мусулмандарга карата жумшак саясат жүргүзөт. Куфр системасынын жетекчи мамлекеттери, балким Индонезия бийлигинин ыктыярынан тышкары, бул мамлекеттин Ислам жана мусулмандарга карата стратегиясын атайын бузуууга аракет кылып жатышкандыр.

Балким Түркияны да Ислам жана мусулмандарга каршы багыттоо үчүн о.э. күрт улутундагы жарандар менен мамлекеттин ортосунда атайылап карама-каршылыктарды пайда кылуу үчүн жогорудагы жардыруу иштерин ири мамлекеттердин өздөрү уюштурушкандыр.

Кандай болгон күндө да, жогорудагы жардыруу иштери Индонезия үчүн да, Түркия үчүн да пайдалуу эмес. Бул алардын куфр дүйнөсү кербенине кошулуп алгандыгынын кесепеттери болуп эсептелет. Дүйнөнүн бардык исламий мамлекеттери азыр тынчсызданууда. Алар кооп-коркунучтарды күтүп сарсанаада олтурушат. Бул исламий мамлекеттер ушунчалык алсыз дейсиң, куфр тарабынан ишке ашырылган бардык жардыруу иштерин анык билип туруп да, ошол куфр мамлекетинен “бул жолку жардыруу ким тараптан ишке ашырылды” деп сурашат. Куфр ишке ашырган же алардын буйрук жана көрсөтмөсү негизинде өздөрү ишке ашырган ыпылас жардыруу операциялары үчүн башка жасалма сценарийлерди түзүп, өз жарандарын камакка алып, куугунтуктап же кырып жиберишет.

Казакстан жана бүтүндөй Орто Азия мамлекеттери да өз кезегин күтүп, “жардыруу операциялары кайсы тараптан келип калар экен” деген күмөн менен жашап жатышат. Каримов өз режими менен ушунчалык коркууга түшүп калды дейсиң, Ташкенти бир нече ай курчоодо кармап турду. Шаардагы үйлөрдү бирме-бир текшертти. Назарбаев болсо, Россиянын сакафий колониясынан кутула албай тынымсыз аракеттерди кылып жатат. Ал Россия телеканалдарын өз мамлекетинде көрсөтпөй коюунун жолдорун издеп жатат. Кыргызстан болсо Россиядан да, АКШдан да о.э. Кытайдан да тынчсызданууда. Себеби, Кыргызстан ар кандай бузуку күчтөр кирип келе бере турган ачык мамлекет. Ал керек болсо өз чегарасын бирер мамлекет менен тосуп алган эмес.

Куфр дүйнөсү жогорудагы жардыруу иштерин уюштуруу менен белгилүү бир мамлекетти өз максатына көздөй жүргүзүүгө аракет кылып, башка экинчи ири мамлекет үчүн жаңы бутага айландырат. Же ошол мамлекети өз жарандары болгон мусулмандарга каршы багыттоо менен, жаңы дүйнөлүк согуш майданын жаратып алмакчы болот.

Ошондуктан, жогорудагы бутада турган исламий мамлекеттер сергек болушу керек. Ар кандай жардыруу иши белгилүү бир куфр мамлекетинин кызыкчылыктары үчүн уюштурулат. Аны ким жана кандай уюштурушунун мааниси жок. Ал тургай, бул операциялар саясий ката кетирип жаткан мусулмандар тарабынан уюштурулушунун да мааниси жок. Себеби, зулумдар ашкере болуп жана күчөп барышынын натыйжасында исламий туйгуга толуп бара жаткан мусулмандар көбөйүп барууда. Куфр аларга каалаган мамлекетинен шарт түзүп бере алат. Өкмөттөр болсо, аларды чыныгы кылмышкерлер деп оңой эле ошол исламий багыттарга же жалпы мусулмандарга каршы массалык күрөш баштап жиберишет. Натыйжада куфр өз максатына жетишип алат.

Түпкүлүгүндө болсо, ар кандай жардыруу иши үчүн ачык-айкын текшерүү жүргүзүлүшү керек. Кылмыштар ачылбай туруп калышы болсо эл аралык уюмдарды өзүнө тартат. Аларды ушул проблемага тартып, иштерге эл аралык түс берип, кылмыштык иштер алар тарабынан алып барылышын талап кылып туруп алышы керек. Бул абал алардын шерменде болушуна себеп болот. Себеби, алар кылмышкерлер менен бир системада иш жүргүзүшөт, бири-биринин айыптарын ачуу өтө ыңгайсыз болот.

Ошондуктан, исламий өлкөлөрдүн жетекчилери Аллахтан коркуп, жардыруу иштерин уюштурган чыныгы кылмышкерлерди анык ачып беришсин, эгерде коркушса, куфрду ыраазы кылуу үчүн жасалма кылмыштуу топторду ойлоп табуу менен иш кылышпасын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here