Бүгүн бардык маалымат каражаттарынын көңүлү Стамбулдагы жардырууга каратылды. Түркия өкмөтү окуя аныкталганга чейин жардыруу боюнча кабар таркатууну убактылуу токтотуп туруу жөнүндө токтом кабыл алды.
Жардыруудан кийин Чанкая сарайында коопсуздук жыйыны болуп өттү. Жыйындан кийин билдирүү берген өкмөттүн маалымат катчысы Нуман Куртулмуш жанкечти 1988-жылы төрөлгөн, түпкү келип чыгышы сириялык адам экендигин билдирди. Куртулмуштун билдиришинче, окуя болгон жерде майда бөлүктөргө бөлүнүп кеткен дене ошол жанкечтинин денеси.
“Майдаланып кеткен дененин жанкечти экендиги аныкталды. Жанкечтинин түпкү келип чыгышы сириялык. Чабуулда 10 адам өлүп, 15 адам жарадар болду. Алардын экөө оор абалда. Өлгөндөр жана жарадар болгондордун көпчүлүгү чет өлкөлүк туристтер”, – деди Куртулмуш.
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган да чабуулдан үч сааттан кийин жардырууну сириялык жанкечти ишке ашыргандыгын айтып өттү.
“Стамбулда Султан Ахмет аянтында жүз берген о.э. муну сириялык жанкечти ишке ашыргандыгы айтылып жаткан террордук чабуулду каралашымды өкүнүү менен айтып өтмөкчүмүн”, – деди Эрдоган.
Шенол Гезер болсо жанкечтинин өздүгү аныкталгандыгын билдирди. Гезердин айтымында, жанкечти Набил ал-Фадл деген сириялык эркек киши. О.э. өлгөндөрдүн тогузу германиялык, экөөсү болсо түштүк кореялыктар.