Өкмөттүн маалымат кызматы кабар беришинче, Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев 12-январь күнү Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй менен жолугушту.
“Менин Кытайга жасаган иш сапарымда орун алган маанилүү сүйлөшүүлөрдө кызматташуунун үч багыты белгиленди. Кыргыз Республикасы – Кытай темир жолун куруу долбоору боюнча кытай тарап темир жолдун “кууш стандартын” сунуштоодо. Экинчи багыт катары Ысык-Көлдүн айланма жолун курууга кытай капиталынын катышуусу саналат жана үчүнчүсү – КЭРдин ашыкча өндүрүштүк кубатттуулугун кыргыз жерине ташуу”, -деди Темир Сариев.
Премьер-министрдин айтымында, Кытайга болгон расмий сапарынан кийин экономика министрлиги кыска убакыттын ичинде Кыргызстан үчүн зарыл болгон өнөржай ишканалары тизмесин Кытай өкмөтүнө жиберүүгө милдеттендирилген.
Элчи кытай тарап пландарды ишке ашыруу үчүн бардык аракетти жумшай турганын айтып: “Мен бүгүн Кытайдын премьер-министрине бүгүнкү орун алган сүйлөшүүлөр тууралуу маалымдайм. Кытай кыргыз тарап сунуштап жаткан долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Жалпысынан алганда биз эки мамлекеттин кызыкчылыктарына туура келген бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүү ниетиндебиз”,- деди.