Россия каналдарына өзгөчө макам берилет

333
0

 Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын билдиришинче, Кыргызстанда Россиянын эки телеканалына өзгөчө макам берүү туурасындагы кыргыз-орус келишими февраль айына чейин коомдук талкууга сунушталат. Анын айтымында, “Биринчи канал” (ОРТ) жана “Россия РТР” каналдарына өзгөчө макам берүүнү Москва сунуштаган.

 “Россия ушул эки каналдын контенттерине жылына 3 миллиард доллар коротот экен. Кыргызстанга гана акысыз берип жатышат. Башка мамлекеттердин баары сатып алат. Ошондуктан, аларга өзгөчө макам беришибиз керек”, – деди Темирбекова.

Туркистон:

Россия Кыргызстанды саясий жана экономикалык жактан толук көз каранды кылып алганы жетишпегендей, өзүнүн бузук саясатынын жалган кабарлары менен Кыргызстан калкынын зээнин ууландыруу аркылуу, бизди  өзүнө кың дебей моюн суна турган манкурттарга айландыруу жолунда кадам таштай баштады.

  Белгилүү болгондой, ар бир мамлекет өзү көтөрүп чыгып жаткан идеяга жана жүргүзүп жаткан саясатка карата оң пикир пайда кылууда, же болбосо, тескерисинче өзүнө душман деп билген идея жана мамлекеттерге каршы жек көрүү пайда кылууда өзүнө караштуу телеканалдардан жана маалымат каражаттарынан пайдаланат.

  “Медиалогия” компаниясы жүргүзгөн изилдөөлөр буга мисал боло алат.

  Компаниянын эсептеп чыгышынча, 2013-жылдагы Украина окуяларынан бери биринчи жолу Россия маалымат каражаттарында Киев негизги “душман” сапатынан “айрылып”, 2015-жылдын аягында анын ордун Түркия ээлеген.

 Жылдын башында ЖМКларда Украина-душман деген сөздөр 2.5 миң жолу, блогдордо 1.3 миң жолу тилге алынды; жылдын аягына  келип бул көрсөткүчтөр 1.5 миң жана бир нече жүзгө түшүп кетти. О.э. Украина өкмөтүн “мыйзамсыз өкмөт” деп, украиналыктарды болсо “бандеровцы”, “фашисты” деп атоо айдан-айга төмөнөдөп барган.

 Бирок, 2015-жылдын акыркы чейрегинде “душмандар” тизмеси кескин өзгөрүп, биринчи орундарга “ИШИМ”, андан соң Түркия чыгып алды.

 Россия 30-сентябрда Сирияда аскерий операция башташы менен негизги душман катары “ИШИМ” көбүрөөк тилге алына баштады. “Душман” сөзү “ИШИМ”ге карата операциянын алгачкы эки аптасында 40 жолу колдонулган. Ошол эле убакта, Россия маалымат каражаттарында “АКШ “ИШИМ”дин демөөрчүсү жана союздашы” деп атала баштаган.

 24-ноябрда Түркия аскерий күчтөрү Россиянын Су-24 самолётун атып түшүрүшү менен Анкара душмандык рейтингиндеги биринчи орунга чыкты. Апта сайын “Түркия” жана “террорчулук” сөздөрү орточо эсеп менен 150 жолу жанма-жан айтылган. Көрсөтүлгөн цифрадан кийин Россия телевидениеси “ИШИМдин демөөрчүсү” деген  шаблонду Түркияга карата колдоно баштаган.

  Эми Россия телеканалдары Кыргызстанда өзгөчө макамга ээ болуп, көрсөтүүлөрүн эч кандай тоскоолдуксуз эфирге узатуу укугуна ээ болгон соң, Путин жүргүзүп жаткан саясат Кыргызстан калкына “кооздоп” көрсөтүлүп, анын душмандары болсо Кыргызстан калкынын да душманына айланат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here