Кытай Сирияга беш миң аскер жиберет

386
0

Кытай өкмөтү Сирия менен түзүлгөн келишим боюнча Сирияга беш миң аскер жиберет. Бул тууралуу “The European Union Times” маалымат агенттиги билдирди.

Кабарда айтылышынча, Кытай Дамашк менен беш миң адамдан турган кургактык күчтөрүн Сирияга жиберүү тууралуу келишим түзгөн. Агенттиктин билдиришинче, бул күчтөрдүн курамы  Чыгыш Түркстанда уйгурларга каршы операцияларды ишке ашырып келген “Сибирь жолборстору” жана “Түнкү жолборстор” деген аталыштагы атайын топтордон болушу күтүлүүдө.

Россиянын массалык маалымат каражаттары Кытай кошуунунун Сирияга жөнөтүлүшү Кытай улуттук жыйыны тарабынан кабыл алынган анти-террор мыйзамдарынын натыйжасы экендигин билдиришти. Россиянын маалымат каражаттары билдиришинче, Чыгыш Түркстанда көпчүлүктү түзүүчү уйгурлардын чет өлкөдө жана мамлекеттин ичинде таасири күчөгөндүгү себептүү Кытай ушундай иш-чараларды күчөтүүдө.

24-декабрь күнү Кытайдын Тышкы иштер министри Ван. И. Сирия Тышкы иштер министри Валид Муаллим менен Пекинде жолугушуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай өкмөтү Сирияга 6,2 миллион доллардык жардам берүүгө токтом кылды. Ван. И. Кытай өкмөтү келечекте да Сирияга ар кандай жардамдарды берүүгө даяр экендигин билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here