Түркия өз күчтөрүн Ирактын түндүгүнөн көчүрө тургандыгын билдирди

282
0

Түркия өз күчтөрүн Ирактын түндүгүнөн көчүрө тургандыгын билдирди

Өткөн ишемби күнү Түркия тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө түрк күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Башик лагеринде жайгаштырылгандыгы себептүү Ирак менен «алакалар начарлаганын» моюнга алды.

Министрлик Түркия лагерлери жайгашкан Ниневия мухофазасынан айрым күчтөрүн көчүрө тургандыгын кошумча кылды. А бирок, бул күчтөр кандай көрүнүштө жана кайсы жерге көчүрүлүшүн ачыктабады.

Белгилүү болгондой, Анкара декабрь айынын башында Башикке күчтөрүн жайгаштырып, бул нерсе Ирак күчтөрүн машыктыруу жана аларды “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшкө даярдоо максатындагы эл аралык миссиянын алкагында болгонун айткан эле.

Өткөн аптада Анкара айрым күчтөрүн Ирактын Курдистан вилаятынын ичкерисиндеги башка бир базага алып чыгып кеткен болсо да, бирок, Багдад алардын бардыгын алып чыгып кетүүнү катуу талап кылууда.

Түркия тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө мындай деп келген: «Аскерий күчтөрдүн жайгаштырылышы себептүү Ирак өкмөтү менен мамиле начарлаганын Түркия моюнга алат», «Түркия Ирактын кооптонушун эсепке алып о.э. ИШИМге каршы күрөш талаптары менен ылайыкташкан абалда аскерий күчтөрүн Ниневиядан көчүрөт…» (Рейтер маалымат агенттиги).

Роя гезитинин комментарийи:

Түркиянын айрым күчтөрүн Башиктен алып чыгып кетиши жана айрымдарын «көчүрмөкчү» болуп жатканы анын Америка талаптарына моюн сунуп жаткандыгын билдирет. Бул болсо, Америка президенти Барак Обама: “Түркия ал жердеги кошуундарын алып чыгып кетиши керек. О.э. Ирактын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматташы керек», – деген сөздөрүнөн ачык көрүнүп турат. Түпкүлүгүндө, эгерде Америка тарабынан жашыл чырак жагып берилбесе Америка админстрациясына кулдук кылуучу Ирак өкүмдарлары да үнүн чыгарышпайт болчу.

Роя гезитинин 2015-жыл, 23-декабрдагы 57-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here