Путин Түркияга каршы санкциялар туурасындагы жаңы токтомго кол койду

458
4

Кремлдин басма сөз кызматынын кабар беришинче, Россия президенти Владимир Путин Түркияга карата атайын экономикалык чараларды колдонуу туурасындагы токтомго кол койду. Жаңы токтомдо чектөөлөр түрк фирмаларына эле эмес, Түркия жарандары көзөмөл кылуучу уюмдарга да тиешелүү.

Мындан бир аз мурда болсо вице-премъер Аркадий Дворкович Түркияга каршы санкциялар кеңейтилиши тууралуу билдирген эле. Анын айтымында, өкмөт Түркия менен кызматташтыкта баш тартуу максатында эмес, жагымсыз аракеттерге татыктуу жооп бериши керек деп эсептейт.

 Путин Түркияга каршы атайын экономикалык чаралар туурасындагы алгачкы токтомду 28-ноябрда тастыктаган эле. Ошол документте түрк продукцияларынын кээ бир түрлөрүн Россияга алып кирүүгө тыюу салуу же чектөө, ошону менен бирге, түрк экспортунун негизин түзүүчү мөмө жана жашылча-жемиштерге тыюу салынган эле.

Документте 2016-жылдын 1-январынан виза тартибинин күчкө кириши, Россия жана Түркия ортосундагы чартердик рейстерге тыюу салынышы да айтылган.

Туркистон:

Россия Түркия менен алакаларын үзүп бара бериши менен үлкөн экономикалык кызыкчылыктарын колдон чыгарып бара берет. Путин Түркияга каршы маалыматык чабуул жүргүзүү менен айланасындагы мамлекеттерге жана ички оппозициялык күчтөргө сокку берүүнү көздөп жатат.

 Путинди азыркы экономикалык абалынан Түркия же Казакстан сыяктуу мамлекеттер менен жүрүп жаткан экономикалык алакалар куткарып кала албайт. Ошондуктан, Путин Түркиядан катуу капа болуу менен бирге, айланасындагы өзүнүн колония мамлекеттеринен да Түркия менен болгон алакаларын үзүүнү талап кылууда. Путин эми Россияны куткарып кала албайт. Ошондуктан, ал эми өзүн жана режиминин өкүлдөрүн сактап калуу жөнүндө ойлонуп жатат.

Акыркы кездерде Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттери Россиядан тынчсыздана башташты. Алар да Путиндин ой-пикири бузулуп бара жатканын сезе башташты. Путин Сириядагы максатсыз операциясы аякташы менен жаңы согуш майданын издей баштайт. Украинага кайрадан согуш башташы да мүмкүн. Бирок, ал жерде НАТО күчтөрү менен кагышуусу анык. Түркияга каршы согуша албайт. Себеби, ал да НАТОнун мүчөсү.

Демек, Путин өз колониясы болгон мамлекеттерден жаңы согуштар үчүн шарт жана шылтоолорду издей баштайт. Т.а. федерациянын ичкерисинде болгон Кавказда же НАТОго алакасы болбогон Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерде согуштук абалды жаратууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондо Путин 90-жылдардагы сыяктуу абалдарды пайда кылып, мигранттардын атынан жардырууларды уюштуруу менен орус калкын коркутат. Путин ичкериде аскерий абал пайда кылуу менен ар түрдүү нааразылык акцияларды чектеген мыйзамдарды чыгарып алат.

Тышкы саясатында да кошуна мамлекеттерди басып алышы мүмкүн. Путиндин командасы күнү-түнү ушундай максаттагы операциялардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен убара. Алар Россияны бүгүнкү оор абалынан алып чыга албастыгын жакшы билишет. Путин жана анын режиминин өкүлдөрү үчүн азыр согуштук абал гана керек. Алар бул согушту пайда кылуу үчүн союздаштарына ар түрдүү басымдарды өткөрө баштады. Сирияга аскер алып кирүүгө мажбурлоо, Түркияга каршы санкцияларды жарыя кылуу… сыяктуу. Натыйжада Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттери да Россиядан кооптоно башташты.

Аныгыраагы, алар Россиядан эмес, Путинден кооптоно башташты. Путиндин бийликке кандай жол менен келгендигин Орто Азиядагы президенттер жакшы билишет. Путиндин 1999-жылдагы бир катар террордук операциялары аны бийликке алып келген. Бүгүнкү күндөгү абалда да 1999-жылдагы окуяларды эске түшүрүүчү абал пайда болуп жатат. Бирок, бүгүнкү абалда Россия эле эмес, Борбор Азия бойлоп террордук операциялар уюштурулушу мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Путиндин бийликте калуу мүмкүнчүлүгү кыскарып бара жатканы бардыгын тынчсыздандырып жатат. Бул абалда Путинден дагы эмнелерди күтүүгө болушун эч ким анык айта албайт.

4 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here