Туура сөз тууганыңа жакпайт

367
0

 

1916-жылы Борбор Азиядагы калктар падышалык Россиянын мандикер алуу саясатына каршы көтөрүлгөн эле. 1916-жылы, 25-июнда падыша Николай экинчи кол койгон Түркстандын жергиликтүү тургундарынан тылдагы жумушка алуу туурасындагы буйрукка каршы козголоң ошол эле жылы 4-июлда Кожон шаарында башталып, анда өзбектер, тажиктер, кыргыздар катышкан.

 Тарыхий документтерге ылайык, 1916-жылдын июлунда Самаркандда 25, Сыр-Дарыяда 20, Фергана өрөөнүндө 86 козголоң көтөрүлгөн. Бардык көтөрүлүштөр Россия кошуундары тарабынан аёосуз бастырылган. Мындай элдик көтөрүлүштөрдөн кыргыз калкы да четте турбаган жана орус баскынчыларына каршы эр жүрөктүк мене күрөшкөн. Орус баскынчылары бул көтөрүлүштөрдү да ырайымсыз түрдө бастырышкан.
2015-жыл, 27-майда Алмазбек Атамбаев Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүү туурасындагы буйрукка кол койгон эле. Ошол буйрукта 1916-жылдагы окуялар көтөрүлүш катары бааланып, анда кыргыз элинин 40 пайызы кырылып кеткендиги айтылган.

 Кыргызстандык тарыхчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү болсо 1916-жылдагы окуя геноцид деп тан алынышын жана Россия бул кыргын үчүн компенсация төлөшүн талап кылып келет. Тарыхчылар 1916-жылдагы көтөрүлүштө 200 миң кыргыз өлүтүрүлгөн деп эсептешет.

Ал эми туура сөз тууганыңа жакпайт дегендей, кыргыз тарыхчыларынын жана коомдук ишкерлердин бул талаптары орус өкмөтүнө жакпады жана Кыргызстан өкмөтүнөн “тарыхий адилеттүүлүктү тикелөө” аракеттерин токтотууну талап кылды.

 Россиянын бул позициясы 24-декабрь күнү Бишкекте 1916-жылдагы көтөрүлүш маселесине арнап өткөрүлгөн тегерек столдо Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Алексей Мзареуловдун коркутуусу аркылуу жүзөгө чыкты. Ал Азимбек Бекназаровдун 1916-жылы геноцид болгон деген сөздөрү үчүн кыргыз тарыхчыларын кекетти.

Россия элчиканасынын кеңешчиси Азимбек Бекназаровдун бул билдирүүсүн Кыргызстан тарыхчылары үчүн акаарат деп атады. Тегерек столго чогулган тарыхчылардын 1916-жылдагы көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналаган  чоң конференция болуп өтүшү туурасындагы кабарынан кийин Алексей Мзареулов конференцияны ким өткөрүшү туурасында билүүгө кызыкты.

 “Конференцияны ким уюштурат? Бул жолу да Бекназаров төрагалыгыныда өтөбү? Мен түшүнө албай жатам, эч кандай илимий даражасы, адистиги болбогон “улуу” коомдук ишкердин бир өзү кантип миңдеген орустар келе турган Ысык-Көлдө курултай уюштурушу мүмкүн? Ал  курултай Үркүндү геноцид деп тан алып жатат. Анын мындай кадыр-баркка ээ болушунун сыры эмнеде? Бул Россияга каршы пропаганда жана провокациядан башка нерсе эмес. Мындан тышкары, (конференция) орустар орношуп, жашап келе жаткан жана туристтердин саны өсүп бара жаткан жерде өткөрүлүп жатат. Ал Ысык-Көлдү туристтердин кирешесинен тосуп коюуну каалап жатабы? Же ал орустарга бул жерде аларды жактырышпастыгын көрсөтүп коймокчубу: “Бул жакка келбегиле” демекчиби же башка бир мамлекеттен алган акчасын актап жатабы?”, – деди Мзареулов.

 Кыргызстан демократиялык мамлекет экендигин, коомдук ишкерлер жана жарандар түрдүү иш-чараларды өткөрүшү жана пикирин ачык билдириши мүмкүн экендигин түшүндүрмөкчү болгон тарыхчылардын сөзүн бөлүп, “Коомдук ишкер – бул кесип эмес”  деди.

 Тегерек столго чогулган тарыхчылар бул маселеде өздөрү да чыгып жатышкандыгын жана позицияларын билдирип жатышкандыгын, коомчулуктун аң-сезими жогору экендигин баса белгилеп өтүштү. “Акыры анын сөздөрү да угулуп жатат. Буга кантип чыдап отурасыңар, акыры бул акаарат го”, – деди Мзареулов ачууга алдырып.

 Буга жооп иретинде айрым кыргыз тарыхчылары “бул жерде ал цензурачы эместигин” эскертип коюшкан болсо, айрымдары Мзареуловду колдоп, Үркүн маселеси боюнча коомдук пикирди тийиштүү маалыматка ээ болбогон саясатчылар эмес, тескерисинче окумуштуулар калыптандырышы керектегин белгилеп өтүштү.

 Тегерек столдун аягында Алексей Мзареулов дагы кайрадан сөз алып, “Бекназаров тууралуу айтаарым, Россия конституциясында “улуттар аралык кастыкты козгоо” беренеси бар. Ал үйүндө каалаган сөздү айтышы мүмкүн бул – кылмыш эмес. А бирок, эч кандай илимий даражасы болбогон адам курултай өткөрүп, геноцид тууралуу айтса… бул силерге эмне үчүн керек? Кыргызстандын улуттар аралык чатактан көргөн зыяндары аздык кылып жатабы?” – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here