Британия жана Франция Ливияга баскын кылууга даярдык көрүүдө

287
0

Британия жана Франция Ливияга баскын кылууга даярдык көрүүдө

Британияда чыгуучу Телеграф гезити өкмөттөгү булактарга таянган абалда төмөнкүдөй кабар таркатты: «Ислам Мамлекети уюмунун согушкерлери Европаны бутага алуу максатында бүтүндөй Жер Ортолук деңизинин жээктеринен жаңы бир чеп катары пайдаланышы мүмкүн деген тынчсыздануулар себептүү Британия Ливияда аскерий операцияларды жүргүзөт». Британия тышкы иштер министрлигинин Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча жооптуусу Тобиас Элвуд мындай деди: «Биз – Ислам Мамлекети уюму бүтүндөй Жер Ортолук деңизинин жээктери бойлоп орношуп алуу үчүн кадам койгон региондордо эл аралык шериктерибиз менен жакындан иш алып баруудабыз. Максатыбыз, ушул уюм жайгашкан жерлерди аныктоо жана ага каршы күрөшүү жолдорун белгилөөдөн турат». Ливия Британиянын кезектеги аскерий аралашуусуна бута болушу мүмкүнбү деген суроого өкмөттөгү бир булак «Бу иштер дал ушул багыт боюнча жүрүп жатат» деп жооп берди.

Франция болсо, Ливиядагы Ислам Мамлекети уюму туудуруп жаткан коркунучтун көлөмүн аныктоо үчүн ал жерге разведка самолётторун жөнөттү. Бул тууралуу франциялык жооптуулар билдирүү беришти. Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс «Ислам Мамлекети уюмунун согушкерлерин жок кылуу үчүн жүргүзүп жаткан эл аралык иш-аракеттерди Түндүк Африкага чейин кеңейтүү»гө чакырды.

Роя гезитинин комментарийи:

Британия менен Франциянын мындай билдирүү жана аракеттери Схират келишимине кол коюлгандыгы туурасында кабарлар таркаган бир учурда болууда. Триполидеги Жалпы улуттук конгресс менен Тобруктагы Өкүлдөр палатасы ортосунда күтүүсүздөн кол коюлган бул келишим БУУнун Тунистеги өкүлү Бернардино Леондун отставкасынан кийин ишке ашкан болчу. Америка Европа таасирине сокку берүү жана өз малайы Хафтарды күчөтүү үчүн ушул мурдагы өкүлдөн пайдаланууга аракет кылган эле. Бирок, ал кыска убакытка гана ийгиликке жетише алды. Ал өз малайын бекемдөө жана англистер малайларынын сабына жарып кирүүдө көпкө чейин жеңишке жетише албады. Ошондуктан, мына англистердин Триполи жана Тобруктагы малайлары Америка жана анын малайларына каршы дагы кайрадан бир фронтто туруп каршылык көрсөтүүнү башташты. Бул болсо, эки тарапты бириктирүүчү биримдик өкмөтүн түзүү жазылган келишимге кол коюлгандан кийин жүз берди. Арийне, Ливиядагы европачыл топтор ортосун бузуу үчүн Американын эч кандай мүмкүнчүлүгү калбады. Ал европалыктардын Ливияда өкүмдар болушуна жол бербестик үчүн Ислам Мамлекети уюмунан гана пайдаланышы мүмкүн. Ошондуктан, Ливия үстүндө Европа өкүмдарлыгын кайрадан толук киргизүү максатында Британия жана Франция үчүн Ислам Мамлекети уюмуна аскерий чабуул кылуу жөнүндө ойлонуу зарыл болуп калды.

Ошентип, бүгүнкү күндө мусулмандардын өлкөлөрү улуу күчтөр ортосундагы эл аралык күрөш сахнасы жана баскынчылык майданына айланып калды. Бул күрөш жана баскынчылыктын курмандыгы Исламий Үммөттүн перзенттери болууда. Эгерде өз калкына душмандык кылып, Үммөт душмандарын дос туткан жана Үммөттү баскынчы колонизаторлорго тапшырып койгон чыккынчы, малай өкүмдарлар тобу жок болгондо, мындай болбойт эле.

Роя гезитинин 2015-жыл, 16-декабрдагы 56-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here