Керри «Израил»ди Палестина режими кулатылышы натыйжаларынан эскертүүдө

287
0

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембидеги 55-санынан:

Керри «Израил»ди Палестина режими кулатылышы натыйжаларынан эскертүүдө

Өткөн ишемби Американын тышкы иштер министри Жон Керри Палестина режими кулатылышы натыйжаларынан эскертип, бул «Израиль» үчүн коркунуч экендигин баса белгиледи.

Ал регионго сапары учурунда «Brookings Institution» институтунда сүйлөгөн сөзүндө “Палестинанын жетекчиси Махмуд Аббас Палестина калкы сезип жаткан үмүтсүздүк жөнүндө айтып жатып, мурункудан муӊайыӊкы көрүндү” деди.

Кийин эки тарап т.а. «Израиль» менен Палестина ортосунда ишенимдин жоктугу бир күн да мынчалык даражада болбогонун кошумчалады. О.э. тараптарды зомбулук күчөп кете элегинде аны жок кылуу керектигине чакырды.

Андан соӊ: «Эгерде Палестина коопсуздук күчтөрү болбосо, «Израиль» армиясы боштукту өздөрү толтуруу үчүн он миңдеген аскерлерин Батыш Жээкте мөөнөтсүз узак убакытка жайгаштырууга мажбур болот», – деди.

“Эгерде кагышуу жаӊжал жана зомбулукка алып барса, мунун акыбетин армияда кызмат өтөп жаткан перзенттери көтөрүшүнө «израилдиктер» даярбы”? – деген суроону ортого таштады. (Ливанда чыгуучу «Нахор» гезити).

Роя гезитинин комментарийи:

Керринин сөздөрүнөн яхудийлер мамлекетинин коопсуздугун сактоодогу Палестина режиминин ролу даана көрүнүп турат. Демек, бул режим яхудийлердин он миңдеген кошууну кыла турган ишти аткарып жаткан экен. Аллах жана Расулунун душмандары болгон баскынчыларды коргоп жаткан бул чыккынчы режим Палестина калкынын атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын атынан сүйлөп жатат. Ушундай болгон соӊ, бул режимден Палестина калкына каршы тил бириктирүүдөн башка эмнени күтүүгө болот? Өкүнүчтүүсү, Палестина жана башка исламий өлкөлөрүбүздө мусулмандар үстүнөн мына ушундай режимдер өкүмдар болуп алгандыгында. Өкүмдарлардын да колонизатор кафир кожоюндары саясатына кызмат кылуудан жана алар менен өз калктарына каршы тил бириктирүүдөн башка кайгысы жок. Бул өтө эле жаман абал. Исламий өлкөлөрдүн абалы мындан да жаман болушу мүмкүнбү?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here