Эрдоган: Израиль менен мамилебизди жакшыртышыбыз мүмкүн

322
0

Израиль радиосуна интервью берген Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Израиль менен бузулган мамилелерди кайрадан жакшыртуу мүмкүн экендигин билдирди. Бирок, Эрдоган ал үчүн кандай иштер аткарылышы жөнүндө анык программа иштелип чыкпагандыгын билдирди.

Президент Эрдоган региондогу өзгөрүүлөрдү эсепке алган абалда Түркия жана Израиль ортосундагы кескин мамилени жумшартуу мүмкүнчүлүгү бар экендигине басым жасады. БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Парижде өткөрүлгөн саммити учурунда Израилдин “Kol Yisrael” радиосуна интервью берген Түркия президенти жогорудагы темага кеӊири токтолбоду.

2011-жылы Газага гуманитардык жардам алып бара жаткан Мовий Мармара кемесине Израиль аскерлери чабуул кылгандан кийин Түркия өкмөтү ар бир билдирүүсүндө Израиль менен алакасы өтө начарлап бара жатканы жана эч бир тармакта алака кылбай жатканы тууралуу айтып келет. Израиль тарап кылган кылмышы үчүн кечирим суроо жана чабуулда өлгөндөрдүн жакындарына компенсация төлөп берүүнү четке каккандыгы себептүү Түркия аны менен алакаларын үзгөндүгүн дааба кылат.

Эксперттердин айтымында, Түркия жана Израиль ортосундагы достук алакалар – ар түрдүү оозеки кайым айтышуулар жүз беришине карабастан – Давос кризиси, Мармара кыргыны жүз берген жылдары да токтогон эмес. О.э. Түркия жана Израиль бири-бирин катуу сындашына карабастан, алардын ортосундагы аскерий келишимдер да жокко чыгарылбаган.

Эрдоган арадагы бузулган мамилени кайрадан оӊдоого убада берип жаткан болсо да, түпкүлүгүндө Түркия-Израиль ортосунда мамилелер бузулган эмес, соода жана башка алакалар да үзүлгөн эмес, же бирер чектөө да коюлган эмес. Түркия жана Израиль ортосундагы сооданын көлөмү акыркы беш жылда эӊ жогорку даражага көтөрүлдү. Түркия статистикалык институту тарабынан тышкы саясат жаатында жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасына ылайык, Түркия жана Израиль ортосундагы сооданын көлөмү акыркы беш жылда эки эсеге көбөйүп 5,6 миллиард долларга жеткен. Бул цифра израилдик жооптуулар тарабынан да тастыкталды. Ушундай улана турган болсо, алдыдагы 10 жылда эки мамлекет ортосундагы сооданын көлөмү 20 миллиард доллардан ашып кетишин божомол кылууга болот. Учурдагы саясаттардан көрүнүп тургандай, Израилге карата айтылган сөздөргө тескери көрүнүштө Түркия аны менен жакшы алакаларды орноткон мамлекет болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here