Эрдоган: Мындай абалга түшүп калганыбыздан кыжаалаттабыз

353
0

Түркиянын президенти Режеп Таййиб Эрдоган түрк аба мейкиндигин бузгандыгы себептүү атып түшүрүлгөн Россия самолёту тууралуу айтып, самолёт атып түшүрүлүп жаткан кезде кайсы мамлекетке тийиштүү экендиги белгисиз болгондугун билдирди. Россия самолётунун атып түшүрүлүшү белгиленген эреже негизинде ишке ашырылгандыгын билдирген Эрдоган “чегараларыбызды коргоо укугубузду бардыгы урматташы керек” деди.

Түркия президентинин бул сөздөрүн залда отургандар кол чабуу менен алкыштаганда, Эрдоган бул алкыштоодон курсант болбогонун жашырбады.

Эрдоган: “Боордошторум! Түпкүлүгүндө бул маселе алкыштана турган маселе эмес. Биз мындай кырдаалга күбө болууну каалабайбыз. Ушундай абалга түшүп калганыбыздан кыжаалаттабыз”, –  деп алкыштоолорду четке какты.

Ал: “Түркия мурдатан жарыя кылгандай, орус самолётунун атып түшүрүлүшү белгиленген эреже негизинде ишке ашырылган. Бул жерде таптакыр душмандык жок”, – деп кошумчалады.

Эрдоган Стамбулда сүйлөгөн сөзүндө “Окуянын айланасында жаӊжал, душмандык күчөшүн каалабайбыз”, “Россия менен мамилебиз бузулушун каалабайбыз”, “Түркия Россия менен мамилени бузууну каалабайт”, “Түркия ар дайым тынчтык, диалог жана дипломатия тарабында болгон, кастык, кризис тарабында эмес”, – деп кайра-кайра кайталады.

Ак үйдө сөз сүйлөгөн Америка президенти Барак Обама да Эрдогандын пикирин макулдады. Обаманын айтымында, бул жаатта дипломатиялык жол менен жүрүү зарыл.

“Түркия ар кандай мамлекет сыяктуу эле өз аймагын коргоо укугуна ээ. Азыр Россия жана Түркия өз ара диалогду улантууга ишеним пайда кылышы маанилүү. Окуяны тергеп-тескеп, эмне болгонун аныктоого жана кастыкка берилбеш керек”, – деди Обама.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри да орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны сергек болууга чакырды.

“Керри Түркия жана Россия расмийлерин оор басырыктуу болууга жана өз ара диаолог өткөрүүгө чакырды. Керри айрыкча бул окуя тараптар             ортосунда кескиндиктин күчөшүнө эки тарап теӊ уруксат бербеши керектиги зарыл экендигин баса белгиледи”, – деп айтылат АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

НАТО самолёт аба мейкиндигин бузгандыгы боюнча Түркия сунуштаган маалыматтар туура экендигин билдирди.

Туркистон: 

Россиянын Су -24 самолёту Сириядагы карапайым калкты бомбалап, ондогон, балким жүздөгөн бейкүнөө мусулман жана муслималарды өлтүрүп, үйлөрүн талкалап кайтып жаткан кезде, түрк армиясы ал бечара самолёттун экипажын атып түшүрүптүр.

 Россияда Путин бул окуядан орус калкынын туйгуларын козгоо максатында пайдаланып, чиркейден пил жасап жатат.

Эрдоган болсо, иши менен сыймыктануу жана ушул ишин улантуунун ордуна, куфр дүйнөсү алдында актанууга аракет кылып жатат.

Түпкүлүгүндө, Сирия да, башка зулум көрүп жаткан мусулмандар да ар кандай исламий армиялардын же мусулмандардан түзүлгөн армиялардын коргоосу астында болушу керек. Ар бир мусулмандын пакиза каны, жок эле дегенде жогорудагы самолёттун кафир канкор экипажынын каны корголуп жаткандай корголушу важиб эмеспи? Эгерде түрк армиясы НАТОдон же АКШдан эмес Аллахтан корккондо, анда бүгүнкүдөй кор болбойт эле. Бул сөз калган исламий өлкөлөрдүн армияларына да тийиштүү!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here