Сүйүнбек Өмүрзаков: Жакшы террорчу жана экстремисттер болбойт

249
0

Парижде атайын уюштурулган жардыруулардан кийин Кыргызстанда терроризм жана экстремизм проблемасы негизги темага айланып калды. Кайсы жерде, кандай жыйын өткөрүлбөсүн күн тартибиндеги негизги маселе коопсуздукту күчөтүү, террорчулук чабуулдарына жол бербестик, чегараларды күчөтүү… болууда. Ал тургай, Борбор Азия Европага караганда Сирия жана Афганистанга жакын болгону үчүн да бизде террор коркунучу күчтүү экендиги туурасындагы сөздөр ЖМКлар тарабынан таркатылууда.

 Ош шаарында болуп өткөн күч түзүмдөрүнүн жыйынында Ош областык ИИБинин башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков:“Жакшы террорчу жана экстремисттер болбойт, биз алардын бардыгын коомдон четтетишибиз керек”, – деди.

 О.э. Сүйүнбек Өмүрзаков коомдук жайлардагы мыйзам бузууну ыкчамдык менен жөнгө салуучу топтор жана наряддардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо зарыл экендигин баса белгиледи.

“Жакынкы Чыгышта диний экстремисттер жана террорчуларга каршы кеӊири масштабдуу күрөш жүрүп жатат. Ал жерге согушууга кеткен жарандар жакында өз өлкөлөрүнө кайтууга мажбур болушат. Биз алардын ар бирин билишибиз о.э. коомдон чектөө боюнча тийиштүү чараларды көрүшүбүз керек. Көп кан көргөн, психикасы бузулган, диний экстремизм тарапкери болгон адамдардан жакшылык күтүүнүн пайдасы жок”, – деди Өмүрзаков.

Туркистон: 

Диний экстремизм же терроризм атамаларынын өзү куфр атамалары болуп, мусулман адамдын бул атамалардан пайдаланышы жакшы эмес. Мындан тышкары, бир атама астында бир топ адамдардын бардыгына каршы массалык кыргын же башка зулум кылуу операцияларын ишке ашыруунун өзү арам. Бул эч кандай системага, мамлекеттер мыйзамына же эл аралык эрежелерге туура келбейт. Муну массалык кыргын (репрессия, геноцид) сыяктуу атамалар менен аташат.

Түпкүлүгүндө болсо, ата баласы үчүн, бала атасы үчүн жоопкер эмес. Бул бирер мамлекет четке кага албай турган жана дүйнөнүн бирер мамлекети өз мыйзам эрежелерине киргизбей коё албай турган даражадагы бекем эреже. Бул керек болсо булардын демократиялык идеологиясынын негиздеринен болгон адам эркиндигин коргоого тиешелүү тема болуп эсептелет. Дүйнөлүк коомчулук бир улут өкүлдөрүнүн бирөөсү же миӊи биригип бирер жийиркеничтүү ишти кылышканда да, алар үчүн башка бир ошол улут өкүлүнүн зулум көрүшүн катуу четке кагат.

Бирок, мусулмандар темасында, 11-сентябрь окуясында, 1999-жылдагы Россияда болуп өткөн кандуу сентябрь окуялары, 16-февралдагы Ташкент окуялары, жакында болуп өткөн Франциядагы жардыруу иштери о.э. ага карата Олланддын жана бүт дүйнөнүн мамилеси ж.б.у.с… мамилелер бүтүндөй өзгөчө. Алар бир адам же топ тарабынан кылынып жаткан иш-аракеттер үчүн бүтүндөй мусулмандарга каршы репрессия жана куугунтук кыла башташты.

Акыркы окуяларды баарыбыз көрүп турабыз. Франция Париждеги террордук иштерди кимдер кылгандыгын сезип туруп да, эч кандай далил же иликтөө жүргүзбөй туруп, бул операцияны бир диндин өкүлдөрүнө жүктөп жиберди. Натыйжада, бул операциядан пайдаланып, өлтүрүп жиберилген бир нече адамдардын ызасын, бир топко шылтап, бүтүндөй бир улутту кырып баштады. Ушул иш туура болушу мүмкүнбү?

Жогоруда милиция генералы да ошол кафирлердин зулумунан өрнөк алып, экстремист жана террористтерге каршы пропаганда иштерин жүргүзүп жатат. Бүтүндөй Кыргызстан өкмөтү, Өмүрзаков сыяктуу пропаганда иштерин жүргүзүп жатышат. Алар экстремисттик же террористтик пикирлерге каршы күрөшкөндө, анда түшүнсөк болот эле. Себеби, бул “пикирлерди четке кагуу, алардын же дүйнөлүк мыйзам эрежелерге ылайык келе турган иш” деп кабыл алынат эле. Бирок, көӊүл буруу керек болгон нерсе, алар жеке адамдарды назарда тутуп жатышат.

Көӊүл бура турган жери, куфр дүйнөсү өз принциптерин тебелеп-тепсеп, калган жетеленип жүргөн алсыз мамлекеттерди да ушул идеология жана мыйзамдарды бузууга ачык эле чакыра баштады. Бул болсо, системанын талкаланып барышын түшүндүрөт. Бул капиталисттик системанын дүйнөнү башкаруудагы демократия идеологиясынынын негизи бузук экендигине дагы бир далил.

Болбосо, кантип бир нече адамдын кылмышы үчүн ал кылмышты кылбаган башка адамдарды айыптуу деп өкүм кылууга болсун? Андай болсо, эмне үчүн албандарды кырганы үчүн серб улутун террорист деп карабадык. Эмне үчүн муслималарды көчөлөрдө ачык эле атып жатканы үчүн Израилди террористтер деп айта албайбыз? (себеби, антисеммит деп жазалашат.)

Алар бизди бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберишмекчи. Куфр жана анын малайлары мусулмандарды ар түрдүү жалган атамалар менен атап, алардын атынан террордук иштерди кылышып, арабыздагы күч түзүмүнүн кызматкерлерин куфрдун кызматчылары кылып алышмакчы. Куфр малайлары жардамында алар “такфир” сыяктуу исламий түшүнүктү туура эмес түшүндүрүп, орган кызматкерлерин мусулмандарга каршы тукурмакчы болушту. Эми Франциядагы кафирлер уюштурган бир катар террордук иштер үчүн Кыргызстан жарандарын жоопко тартуу жөнүндө пропаганда жүрүп жатат.

Орган кызматкерлерине:

Ислам дининде “такфир” же “касас” (өч алуу) сыяктуу түшүнүктөр бар болуп, алар Ислам мамлекети кайтып келиши менен турмушта өз ордунда иштей баштайт. Бирок, бул өкүмдөрдүн аткарылышы, куфр силерге түшүндүрүп жаткандай болбойт. Т.а. куфр дүйнөсү бир улуттун же бир топтун бардыгын “терроризм, экстремизм”деген атама менен атап, алардын баарын биротоло жазалап жатышканы сыяктуу болбойт. Буга Икрима ибн Хакам мисал боло ала. Ал Абу Жахлдын уулу болчу. Холид Р.А. (сайфуллах) болсо Валиддин уулу болгон. Алар аталарынын эӊ ыпылас кылмыштары үчүн ал тургай эскертүү да алышкан эмес. Исламда бул сыяктуу мисалдар өтө көп.

Бирок, ар бир адам өз кылмышы үчүн же бир адам экинчи бир адамга каршы кылган зулуму үчүн албетте жазаланат. Эгерде бул зулумдарды кылган адам мусулман абалында кылган болсо жаза күчтүүрөөк болот. Бул жаза-чаралар албетте Исламий мамлекет астында жана шарий өкүмдөр негизинде ишке ашырылышы керек.

Кадыржам болушубуз керек болгон нерсе, Ислам бирер адамга зулум кылып, аны башка адамдын кылмышы үчүн жазалабайт.

Бирок, этият болушубуз керек болгон иш да бар. Биз залимдердин катарында туруп, аларга шерик болуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, мусулмандарга каршы зулум же жасалма операцияларды уюштуруучу топторго аралашуу сыяктуу.

Биз Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү, үммөттүн ар кандай катмарынын өкүлдөрү бөлүнүп кетишине каршыбыз. Биз аларды куфрдун айла-амалдарынан этият болууга чакырабыз. Бул айла-амалдар негизиндеги пропаганда иштери, куфр системасы тарабынан мусулмандар бири-бирине зулум кылуулары үчүн шарт жана абалдарды пайда кылып алуу үчүн кылынып жатат. Мусулмандар ушуларды түшүнгөн абалыбызда куфрдун кызыкчылыктарын турмушубузда ишке ашырып берүүдөн этият бололу. Арзыбаган дүйнө кызыкчылыктары үчүн, акырет азабы астында калып кетүүдөн Аллахтын Өзү сактасын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here