Ар дайым бирдей бычак

277
0

Израиль аскерлери өздөрү өлтүргөн палестиналык мусулмандардын жанына бычак таштап коюшууда. Кудум ушундай дааба менен Палестина админстрациясы билдирүү чыгарды. Израиль аскерлеринин мындай кылуудан максаты “палестиналыктар бычак менен чабуул кылганы үчүн өлтүрүлүүдө” деп өздөрүн актоо.

“Израилдиктердин биринин палестиналык мусулмандын жанында туруп “террорист бар”, деп кыйкырышынын өзү палестиналыктын атып өлтүрүлүшүнө жол ачат. Анын чын же жалган айтып жатканына каралбайт же палестиналыкты кармоого да аракет кылынбайт”, – деп айтылат Палестинанын тышкы иштер министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө.

Адам укуктарын коргоочу уюмдарга каратылган билдирүүдө жогорудагы уюмдардан эл аралык укук алкагында бул даабалар көрүп чыгылышы талап кылынды. Билдирүүдө келишинче, ар дайым адам өлтүрүү ишке ашканда өлтүрүлгөн палестиналыктардын жанынан бирдей бычак табылат.

“Палестиналыктар яхудийлердин чабуулуна дуушар болушун же атып ташталышын актоо үчүн бир яхудий жаранын же аскерин бычактоого аракет кылгандык даабасынын өзү жетиштүү. Ар дайым кылмыш ишке ашырылганда бирдей бычак сахналаштырылат. Кудум израилдиктерди бычактап өлтүрүүнү пландаштырган ар бир палестиналык бирдей бычак сатып алып жатканы сыяктуу, же бул бычактар бекер таркатылып жатканы сыяктуу”, – деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы кабарларга ылайык, Израиль аскерлерине бычак менен чабуул кылгандыкта айыпталып атып ташталган кезектеги жаш кыз көз жумду. Палестина саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чыгарылган билдирүүдө келишинче, Наблус шаарынын түштүгүндөгү Хувара көзөмөл пунктунда Израиль аскерлеринин чабуулуна дуушар болгон 16 жаштагы Ашракат Катнани деген жаш кыз дүйнөдөн кайткан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here