“Эхо Москва” радиосу таркаткан кабарга ылайык, Россия жарандарынын 65 пайызы “Ислам мамлекети” уюму жакында ири жардыруу уюштурушуна ишенишет
“Эхо Москва”радиосу өткөргөн социалдык сурамжылоонун натыйжасына ылайык, жарандардын 65 пайызы ИШИМ уюму жакында Россияда ири жардыруу уюштурушуна ишенишет. Бирок, кудум ушул радионун 2014-жылы 13-сентябрда Юлия Латинина тарабынан жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоосунда орус калкынын 79 пайызы Россияда ишке ашырылып жаткан жардыруу иштеринин баары ФСБ тарабынан ишке ашырылышына ишене тургандыгын айтышкан.
Туркистон:
1998-жылдын 25-июлунда Путин Россия федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору болуп дайындалган.
1999-жылы 4-сентябрда Дагестандын Буйнакск шаарында өтө чоӊ жардыруу операциясы ишке ашырылды. Мунун натыйжасында 164 адам өлдү, мунун арасында 23 жаш бала бар.
1999-жылы 8-сентябрда Москвада 9 кабаттуу имарат жардырылды. Расмий маалыматтарга ылайык, 100 адам өлгөн.
1999-жылы 13-сентябрда Москвада дагы бир 8 кабаттуу имараттын төмөнкү бөлүгү жардырылып, 124 адам өлдү.
1999-жылы 16-сентябрда болсо Волгодонскто жардыруучу заттар салынган жүк машинасы жардырылып, 19 адам өлдү.
1999-жылы 22-сентябрда Рязань шаарында бир нече белгисиз ададмар көп кабаттуу имараттын астына жардыруучу зат коюп жатышкан кезде тургундар коркунучту сезип калышкан. Бул чуулгандуу операция ФСБ тарабынан уюштурулуп жатканын өкмөт моюнга алган. Бирок, бүгүнкү күндө бул операцияны тергөө иштери токтотулган.
https://www.youtube.com/watch?v=RaMSoFxMy3E
1999-жылы сентябрь айында Путин бүтүндөй Федерация күчтөрүнө башчылык кылган абалда Дагестандагы уюшкан куралдуу күчтөргө каршы бастырып кирди.
Путин Дагестанда топтолуп калган чечен куралдуу топторун жок кылууга бир шылтоо болушу үчүн жогоруда айтып өтүлгөн жардыруу операцияларында жүздөгөн жарандарын курман кылып жиберди. Андан кийин Путин чечен улутун репрессия кылуу жана Дагестандын ага кошулуп кетишинин алдын алуу үчүн Чеченстанга согуш баштады.
Албетте, бул баскынчылык согушунда орус калкынын перзенттери жана аскерлери тарабынан да жоготуулар көп болду. Жогорудагы Путиндин атайын кызматтары тарабынан уюштурулган жардыруу иштери жана андан кийинки жалган маалымат тарабынан жүргүзүлгөн үгүттөө иштери – мына ушул курмандыкка бериле турган орус перзенттери үчүн орус калкын ыраазы кылуу максатында – алардын мусулмандарга каршы туйгуларын козгоо үчүн атайын уюштурулган болчу. Дүйнөдө болуп жаткан жогорудагы сыяктуу жардыруу иштеринин дээрлик бардыгы ушул сыяктуу бирер максатка жетишүү үчүн атайын уюштурулат.
Эми болсо Сириядагы согушту актоо үчүн дагы кайрадан жардыруу иштери башталды. Бул согуш да Путиндин бир нече проблемаларын жаап жиберүү үчүн атайылап башталды. Бирок, эмнеси болгондо да, согушта эки тарап теӊ зыян тартат. Путиндин дагы бир нече жардыруу иштерин уюштуруусу күтүлүүдө. Себеби, бул кезектеги согуш узагыраак убакытка созулушу мүмкүн. Бул согуш аркылуу Путиндин катасы менен орус калкынын башына түшүп жаткан экономикалык жана саясий бороондорду жаап жиберүү күтүлүп жатат. Ал үчүн болсо Мисирде жардырылган самолётто курман болгон 224 жарандын өлүмү жетиштүү болбойт.
Мындан тышкары, Путин ЖККУ уюмуна мүчө мамлекеттерди да бул согушта өзү менен бирге катышууга чакыра баштады. Путиндин согушка чакырышы болсо, Франциядагы 13 – 14-ноябрда болуп өткөн жагымсыз окуя сыяктуу, курмандыксыз болбойт.
Муну билген Борбор Азия мамлекеттери сарсанаага түшүп жатышат. Каримов өзүн коргоо максатында бүтүндөй Ташкентти ороп алганы жөнүндө кабарлар пайда боло баштады. Калгандары да тынчсызданып жатышат. Өздөрүнөн эмне талап кылынып жатканын билбеген абалда алар мусулмандарга каршы маалымат каражаттары жана башка бардык колундагы тармактар менен чабуул кыла башташты. Алардан сурашпаса да, ал тургай диний жетекчилер да Францияга көӊүл айта башташты. Кафирлердин ушул айла-амалдарынын артынан кырылып бара жаткан жүз миӊдеген мусулмандарды болсо, расмий түрдө террорист деп жарыя кылышты.
Кандай болгон күндө да Путин тарыхта Гитлер сыяктуу канкор адамдардын катарынан орун алат.
Орус калкы болсо далилдердин бузуп көрсөтүлүшү аркылуу өздөрүн атайын алдоого уруксат берип жатат. Алар кайдыгерлик кылып жатышат же акыйкатты көтөрүп жаткандарды колдоп жиберүүдөн коркуп жатышат же үмүтсүздүккө түшүп, тагдырына моюн сунуп калышты. Бирок, жакынкы келечекте өздөрүнүн бул позициялары кандай гана ката экендигин түшүнүп жетишет. А бирок өкүнүчтүүсү, ал кезде бир кыйла кеч болуп калат.
Кыргызстан болсо, ал тургай Россиянын курамында да эмес. Ал азыр экиленүү абалында калды. Путиндин аракеттери күн өткөн сайын коркунучтуу болуп бара жатат. АКШ жана Батыш мамлекеттери да, Франция сыяктуу Россия менен кызматташа башташты.
Бул Россиянын ички проблемаларын алар чечип бериши мүмкүн дегени эмес. Куфр дүйнөсүнүн Исламга каршы кызыкчылыктары убактылуу паралел келип турат дегенди гана түшүндүрөт. Көӊүл бурган болсоӊуз, ушул күндөрдө нефтинин баасы дагы төмөндөй баштады. Россия өзүнүн экономикасы туӊгуюкка кирип бара жаткан сайын Шамдагы согушту күчөтө берет. Ошону менен бир катарда өз жарандарынын үстүндө репрессивдик аракеттерин да күчөтүп барат. Ири мамлекеттер жакында Россияны өздөрүнөн бөлүп, аны согуш жана экономикалык баткагында таштап кетишет.
Бирок, Кыргызстан сыяктуу алсыз мамлекеттердин болсо, ал тургай Россияны таштап жиберүүгө, андан баш тартууга да кайраты жетпейт. Ошондуктан да Путиндин айласыздыктан баштаган бул согушунда Россияга жакындашып болбойт.
Абдураззак.