Бишкекте милициянын участкалык инспектору атып өлтүрүлдү

259
0

Туркистон:

20-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь районунун участкалык инспектору, кенже лейтенант Абдувалиев Актилек Асанович белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлдү.

Ошол күнү № 50-абактын мурдагы башчысы Иманкул Тельтаев  № 1-абакта, асынып өлүп жаткан абалда табылды.

Тельтаев, 12 октябрда № 50 – абактан 9 кылмышкерди качырып жибергендикте айпыталып, камакка алынган болчу. Ал өзү жетекчи болуп турган камакта 12-октябрда жүз берген кээ бир – билиши керек болбогон – иштерди билет болчу. Себеби, камакта ушунча чоӊ операция уюштурулганда анын башчысы бирер иштен кабарсыз болуп калышы мүмкүн эмес. Демек, Иманкул Тельтаевдин өлүмү 12-октябрь окуясын уюштуруучулар тарабынан атайын уюштурулган.

Тельтаев ошол күнү өлтүрүлгөн 3 милиция кызматкеринин катарында өлтүрүлүшү керек болчу. Бирер себептен улам ал четте калып өлбөй калган эле. Же операция максаттагыдай чыкпай калгандан кийин, уюштуруучулар Телтаевди курмандыкка чалып (бардык айыпты ага жүктөп) жиберүүгө токтом кылышты. Канкорлор арадан бир ай өткөндөн кийин катасын оӊдоп коюшту.

Бирок, 12-октябрда уюштурулган операцияны маркумга жана 12-октябрь окуясында курман кылынган бир нече милиция кызматкерлерине жүктөп жиберишет. Аларды да, алгач качырылып андан кийин өлтүрүлгөн качкындарды да, “булар бири-бири менен шерик болгон” деп окшошпой калган операцияны оӊой эле жаап жиберишет.

Жогорудагы участкалык инспектордун өлтүрүлүшү да, түпкүлүгүндө жогорудагы кеӊири масштабдагы операциялардан көздөлгөн максатка алып баруучу пикирий багыт үчүн, атайын уюштурулган. Пикирий багыттоодон болсо, күч түзүмдөрүнүн өз калкына жана мусулмандарга карата радикал жана катуу кол болушуна жетишүү көздөлгөн. Себеби, ар кандай диктатуралык түзүм, күч органдарынын жырткычтык көрсөткүчтөрү жогору болушуна муктаж болот.

Бул операциялардан Россиянын атайын кызматтары жүргүзө турган путиндик иш-аракеттердин жыты келип жатат. Ооба, Кыргызстан өто кооптуу жана ачык бутага айланып бара жатат. Анын аймагы – Россия, АКШ, Өзбекстан, Кытай… жана башка мамлекеттердин тыӊчылары кеӊири жүрө турган аймак болуп калды.

Өкмөт болсо, куфр тыӊчыларынын провокацияларынан коркуп жатканы сезилип турганы менен, өзүнүн чыныгы тынчсыздануусун жашырып, дагы кайрадан жарандарын мусулмандардан коркута берет. Тыңчылар болсо, провокация уюштуруу максатында милиция кызматкерлерин өлтүрө башташты.

Алар болсо кыргыз өкмөтү куфрдун чыныгы канкорлорун айыпка тарта албастыгын жакшы билишет. Бул бечаралар ар бир операциялар үчүн жасалма канкорлорду ойлоп табышы керек болот. Ыӊгайсыз күбөлөрдү болсо Тельтаев жана дагы 12-октябрь окуясы учурунда өлтүрүп жиберишкен 13 адам ыяктуу жок кылышы керек болот.

Учурдан пайдаланып, биз редакциянын атынан жогорудагы өлтүрүлгөн мусулман боордошторубуздун жакындарына көӊүл айтабыз.

Алардын жакындарына жана башка күч түзүмүнүн кызматкерлерине айта кетүүчү нерсе. Шашылбашгыла, азыр бирер маркумду өлтүргөн чыныгы канкорлор табылбайт. Жасалма канкорлорду болсо, силер биринчилерден болуп          тааныйсыӊар. Себеби, силер бул сыяктуу кылмыштуу иштер үстүндөгү тажрыйбалуу кызматкерлерсиӊер.

Азыркы учурда Сирия калкы жана ага тиешелүү бардык исламий өлкөлөрдүн жарандарынын коопсуздугу о.э. өмүрү коркунуч астында калууда. Куфр дүйнөсү, айрыкча АКШ жана Россия, Сирия калкын кырып жиберүүдөгү өз максатына жетишүү жолунда биздин кээ бирлерибизди бутага ала баштады. Алар бизди эле эмес, өз жарандарын да кырып жиберип жатышат.

Өкмөт өкүлдөрү болсо, билип туруп куфрдун ыпылас пландары негизиндеги жолдорду коргоп, өз жарандарын өлтүрүүгө шерик болуп жатышат.

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here