Ак үй андай болушун каалабайт

265
0

Күн өткөн сайын Россиянын таасири Борбор Азия мамлекеттери үстүнөн күчөп бара жатканы Обама админстрациясын тынчсыздандырууда. Эгерде АКШ Россиянын бул иштерине сүкүт сактап тура турган болсо, Жакынкы Чыгышты колдон чыгарып жиберип жатканы сыяктуу эле, Борбор Азия мамлекеттери үстүнөн болгон таасирин да жоготушу мүмкүн. Ак үй болсо андай болушун каалабайт.

Ошол себептен да АКШ мамлекеттик катчысы Жон Кeрри 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Борбор Азиянын беш республикасына т.а. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга барат. Бул Жон Керринин Борбор Азияга кылып жаткан биринчи сапары болсо, АКШ мамлекеттик катчысынын бир эле учурда бардык Борбор Азия мамлекеттерине уюштурулган алгачкы сапары болот.

31-октябр күнү Кыргызстанга келиши пландаштырылган Жон Керри Бишкeктеги Амeрика унивeрситeтинин жаӊы кампусунун о.э. АКШ элчиканасынын жаӊы имаратынын ачылышына катышат.

Ошондон кийин ал Самаркандда региондогу беш мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат. Жолугушуу быйыл АКШ менен Борбор Азия мамлекеттери диалогунун сунушталган жаңы “С5+1” (региондогу беш мамлекет плюс АКШ) форматында өткөрүлөт. Министрлер региондогу эл аралык маселелерди талкуулашат.

Астанада Кeрри АКШ-Казакстан стратeгиялык өнөктөштүк диалогунун төртүнчү жыйынына катышат о.э. Назарбаев атындагы унивeрситeтте АКШнын Борбор Азиядагы ролу, региондун дүйнөлүк саясаттагы мааниси туурасында доклад жасайт.

Жон Кeрри Ашхабад жана Душанбeде да болуп, жогорку даражалуу расмийлер менен эки тараптуу мамилелер тууралуу талкуулашат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here