Борбор Азия республикалары бойлоп сапарын улантып жаткан Япония премьер-министри Синдзо Абэ 26-октябрьь күнү Бишкекке жетип келди. Мындан мурда, 23-октябрь күнү Түркмөнстанда, 24-октябрда Тажикстанда, 25-октябрда болсо Өзбекстанда болгон премьер-министр бул мамлекеттер менен ири өлчөмдөгү келишимдерге кол койду.
Япония өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерде эң чоӊ үлүш газ жана нефтиге бай болгон Түркмөнстанга туура келди. Япония премьер-министри түркмөн бийлиги менен жалпы суммасы 18 миллиард долларга барабар болгон 10 документке кол койду.
Синдзо Абэ Өзбекстанда болгон учурунда энергетика жана транспорттук системаны модернизация кылуу, минералдык сырьё ресурстарын өздөштүрүү жана кайрадан иштетүү, автомобил куруу, нефть-газ жана химиялык өнөржай, телекоммуникация жана башка заманбап тармактарда 8,5 миллиард доллардан ашуун өлчөмдөгү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол койду.
Кыргызстанга келген Япония премьер-министри Синдзо Абэ газ жана нефти болбосо да кыргыз өкмөтүнө “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу, Ош-Баткен-Исфана авто жолун ремонттоо жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жалпы баасы 120 миллион доллардык грант бере турган болду.