Улуу Британия да Афганистанда кала турган болду

387
0

 Мындан бир аз мурда, АКШ президенти Барак Обама Афганистандагы кырдаал “кооптуу” болгондугу себептүү 2016-жылдан кийин бул жерде аз сандагы базаларда 5,5 миӊге жакын аскер кала тургандыгын билдирген болчу.

 АКШнын бул чечиминен кийин Улуу Британия да Афганистанда аскерлерин калтыра турган болду.

Улуу Британиянын коргоо министри Майкл Фэллондун билдиришинче, Британия кошуундары Афганистанда 2016-жылдын аягына чейин калат. Алардын саны 450 аскерден турат.

Анын айтымында, Британ аскерлери афган армиясына аскерий машыгууларды өткөрүүдө жана аларды окутууда жардам берет.

Коргоо министринин кошумча кылышынча, Британиянын Афганистанда тынчтыкты сактоо милдетин көрүп чыккандан кийин ушул чечим кабыл алынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here