Туркистон:
“Кайдагы бир гумандуулукка чакырган адамдарга айтат элем — эми келип жооп бергиле айткан сөздөрүңөргө. Эненин алдында, өмүрлүк жубайынын алдында жооп берсин. Ар бир нерсенин чеги болот. Мамлекет мыйзамдын чегинде ар бир чыккынчы, ар бир экстремистке каршы ушундай гана катуу жол менен күрөш жарыялайт. Биз муну токтотпойбуз”, – деди өкмөт башчы Темир Сариев.
Сариев бул сөздөрдү № 50 абактан качкан кылмышкерлерди кармоо операциясында өлгөн милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов менен коштошуу ырасымында, аны экстремисттер өлтүргөндүгүнө ишара кылып айтты.
Бирок, 24-октябрь күнү кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси милдетин аткаруучу Нурдин Сулаймановдун маалымат жыйынында билдиришинче, качкындар “ түрмө кызматкерлерин биз өлтүргөн эмеспиз” деп айтып жатышкан имиш.
Токтайым Үмөталиеванын акипресс аркылуу берген билдирүүсүндө да чындыкка өтө жакын болгон бир катар логикалык жана анык фактылар келтирилген.
https://www.facebook.com/100007696607276/videos/1629810867285451/
Өкмөт ушул операцияны жакшы ишке ашыра албады. Сариев болсо, жогорудагы экстремизм тууралуу айткан сөздөрүн мурдатан даярдап койгон эле. Болуп өткөн операция өтө көп кемчиликтер менен ишке ашырылгандыгына жана кыргыз эли болуп жаткан иштердин акыйкатын билип турушуна карабастан, Сариев кийинки баскычтагы иштерге өтүүгө даярдык көрө баштады.