Япониянын премьер-министри Борбор Азия бойлоп сапарын баштады

400
0

Аллах Таала тарабынан жер үстүндөгү жана жер астындагы байлыктарга мол кылып жаратылган Борбор Азия республикалары да акыркы жылдарда колонизатор мамлекеттер таасир талаша турган жана табигый байлыктары талап-тоноло турган регионго айланып барууда.

Мындан бир аз мурда, АКШ Борбор Азиядагы энергетика запастары үстүнөн Россиянын жеке өзү ээлик кылышын жокко чыгаруу үчүн Кытай мамлекетин ишке салган болсо, эми Кытайдын күн өткөн сайын ачылып бара жаткан алкымын кысуу үчүн дагы бир алтернативдик оюнчуну ишке салууда. АКШ бул оюнчу катары Японияны тандады.

 Дал ушул себептен улам, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ 22-27-октябрь күндөрү Борбор Азия бойлоп сапарын баштап жиберди. Бул убакыттын аралыгында Япония премьер-министри Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда болуп, соода-экономикалык, инвестициялык, финансы-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты дагы да өнүктүрүүгө каратылган өкмөттөр аралык, мекемелер аралык жана башка көптөгөн документтерге кол коюлушу пландаштырылган.

 Алгач Түркмөнстанга барган Синдзо Абэ Түркмөнстан президенти менен жолугушту жана эки мамлекет ортосунда 18 миллиард долларлык келишимге кол коюлду. Бул келишимдер энергетика тармагын өз ичине алып, түркмөн газы жана нефтисин Японияга жеткирип берүү боюнча документтерге кол коюлган.

Түркмөнстанга болгон сапары аяктаган соӊ Япония премьер-министри Синдзо Абэ 24-26-октябрь күндөрү Өзбекстанда болот.

Япония Өзбекстан экономикасына эӊ ири инвестиция жаткырган мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Нефть-газ тармагы, транспорт сектору, телекоммуникация, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарбасы жана башка тармактар үчүн ажыратылган жалпы финансылык каражаттардын көлөмү 3,4 миллиард АКШ долларынан да ашыгыраак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here