Кыргызстанда кезектеги төңкөрүш аракети пландалдыбы?

20
0

Кыргызстанда кезектеги төңкөрүш аракети пландалдыбы?

Кыргызстанда курал колдонуп, улуттар аралык жаңжал чыгаруу жана мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу максатында массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн жасалган аракет токтотулду. Аталган топтун бардык мүчөлөрү, анын ичинде орто башкаруудагы жетекчилери аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу 10-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

“Топтун мүчөлөрү чет өлкөлүктөр мазактады делген “токмоктолгон, жарым жылаңач кыргыз кыздын” жалган окуясын ойлоп чыгарып, аны чагымчылдык максатында видеого тартууга камынган. Сценарий боюнча ал роликте жалынып, жардам сурамак” (sputnik.kg 09.04.2025).

Муну менен улутчулдук ураанын көтөрүп, Бишкекте 2024-жылы май айындагыдай окуяны жаратууну көздөшкөн. Белгилей кетсек, өткөн жылдын май айында чет элдик студенттер жашаган жатаканада чыккан мушташ тууралуу чуулгандуу видео тасма борбор шаарда улуттар аралык чырдын чыгышына себеп болгон эле. Бул окуяда күч кызматкерлердин алсыздыгы көрүнүп, кырдаалды көзөмөлдөн чыгарууга аз калган. Мындан улам, кызуу кандуу жаштарды токтотууга аалымдарыбыз аралашып, улутчулдук туйгулар басылган.

Кийин атайын кызмат июль айында бир нече адамды өлкөдө башаламандыкты уюштуруп, бийликти куралдуу күч менен басып алууга айыптап кармаган. Ал эми, Ички иштер министрлиги 12-ноябрь күнү 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү бийликти басып алуу максатында жапырт башаламандык уюштурууга шектелген жети киши кармалганын билдирген.

“Кармалгандардын үчөө чет өлкөлүк жарандар. Тергөөнүн версиясына ылайык, негизги уюштуруучу башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу” (ky.kloop.asia 2024/11/13).

Аталган жергиликтүү шайлоодо экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы шайлоо тизмесинен чыгарылып, партия лидери Темирлан Султанбеков жана бир катар партия мүчөлөрү камакка алынган.

Президент Садыр Жапаров февраль айынын аягында Европарламент жана Социнтерндин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда “Социал демократтар” партиясынын мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши жана ага коюлган “жашыруун гриф” маселеси да талкууланды. Президент өз сөзүндө аталган партиянын Бишкек жана Ош шаарындагы талапкерлери Социнтерн тарабынан каржыланган фактылар бар экенин белгиледи.

“Эгер сот ишти ачык караса бардык нерсе ачыкка чыгып кетет. Мындай учурда биздин Евро биримдик жана Социнтерн менен мамиле бузулуп калышы мүмкүн. Биз муну каалабайбыз”, – деди Жапаров. (kaktus.media 27.02.2025).

Ушул жылдын 24-февралында болсо өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылуу менен айыпталып, 11 адам камакка алынды. Маалыматка караганда, алардын арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты да болгон. “2024-жылдын 20-декабрында “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин айрым мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууга багытталган жолугушууларды байма-бай өткөрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Алар өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууну көздөгөн” (Sputnik.kg 24.02.2025).

Жогорудагылардан келип чыгып айта турган болсок, 10-апрелде камакка алынгандар күндөн-күнгө күчөп жаткан бийликтин басымына каршы аракет кылган оппозициялык күчтөрдүн бири десек жаңылышпайбыз. Алар жергиликтүү деңгээлде революциялар учурунда негизги күч болгон борборго жакын аймактарда күч топтоого аракет кылышкан. Ал эми, сырткы жактан Европанын каржылык колдоолоруна таянышкан. Анткени, Европа үчүн бийликтин өлкөдө диктатураны орнотуу кадамдары жагымсыз. Ошондой эле, Орусия үчүн да айрым деструктивдүү күчтөрдү бийликке басым катары колдонуу зыяндуу эмес. Диктатуралык режим Орусиянын каалоосуна ылайык болсо да, алар үчүн маанилүүсү өлкөдөгү бийликтин Кремлге күнкор абалда саясат жүргүзүүсү.

Демек, эл аралык күчтөр үчүн өз кызыкчылыктарын ишке ашырууда карапайым калктын каны төгүлүшү, мал-мүлктөрдүн тонолушу маанилүү эмес. Алар үчүн ар бир аймакта өздөрүнүн таасири жайылып, өз агенттери аркылуу жергиликтүү ресурстарды каалагандай пайдаланууга жол ачылышы маанилүү. Бул үчүн коомдогу катып калган тар жана төмөн пикир болгон улутчулдук, аймакчылык сыяктуу бузук пикирлерден пайдаланышат. Ал эми, жергиликтүү популист саясатчылар өз тактысын ушунчалык жакшы көрүшкөндүктөн, кафир кожоюндарын ыраазы кылуу үчүн гана аракет кылышат. Ошондо да, колонизатор кафир жетекчилери аларга ар дайым ыраазы боло беришпейт. Кожоюндары кырдаалга карай аларды алмаштырып турушат. Андыктан, мусулмандар эл аралык кылмышкер күчтөрдүн куралына айланбоо үчүн ар бир окуяга өз акыйдасынан келип чыгып жандашуусу шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here