Путин Борбор Азия жетекчилерин Исламга каршы аскерий блок түзүүгө чакырды

267
0

 16-октябр күнү Казакстандын Бурабай шаарында болуп өткөн КМШнын саммитинде Россия президенти Владимир Путин дагы бир жолу иш жүзүндо жок болгон коркунучту көбүртүп көрсөтүү аркылуу Борбор Азия жетекчилерин коркутуп, аларды Исламга каршы аскерий блок түзүүгө чакырды.

Бул коркунучту  “иш жүзүндө жок болгон” деп айтышыбыздын себеби, мурдагы Советтер союзу 1989-жылы Афганистанды таштап чыгып кеткенден кийин бийликке келген жана 2001-жылы АКШ 11-сентябрь окуясын уюштуруп, Афганистанга бастырып киргенге чейин Афганистанда өкүм жүргүзгөн Талибан кыймылы бир жолу болсо да Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбаган. Себеби, Талибан кыймылынын максаты, Афганистанды баскынчылар зулумунан азат кылуу. Эгерде Талибан кыймылы Борбор Азияга кирүүнү пландаштырган болсо, ошол кезде бул ишти оӊой эле ишке ашырмак. Талибан кыймылына салыштырганда алсыз жана аз сандуу болгон “Өзбекстан Ислам кыймылы” согушкерлеринин 1999-2000-жылдарда Кыргызстандын Баткен жана Өзбекстандын Сурхандаря областына караштуу Узун районуна бастырып кириши бул эки мамлекеттин аскерий мүмкүнчүлүгү канчалык экендигин көрсөтүп койгон. Россиянын өзү да ошол жылдары Чеченстанда баскынчылык согуштарын жүргүзүп жатканы себептүү Борбор Азия республикаларына жардам берүүгө кудуреттүү эмес эле.

 Россия президенти Владимир Путин болсо 16-октябрдагы жыйында Борбор Азия жетекчилерин дагы бир жолу Афганистандагы исламий кыймылдар коркунучунан эскертип: “Ар түрдүү тайпадагы террористтер дагы да көбүрөөк таасирге ээ болуп барууда жана келечектеги кеӊейүү планын жашырбай жатышат”, – деди.

 Путиндин айтымында, Сирия жана Иракта КМШ мамлекеттеринен чыккан 7 миӊдей адам “ИШИМ”дин курамында туруп аскерий операцияларга  катышууда. Кийинчерээк бул адамдар топтогон тажрыйбаларын өз мамлекеттеринде колдонушуна жол берилбеши керек. Путин жогорудагы маалыматтарды айтып жатып, Борбор Азия жетекчилерин – исламий кыймылдар постсоветтик аймактарга киришине жол бербестик үчүн – бирдиктүү аскерий блок түзүүгө чакырды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here