Тажикстанда мамлекеттиик кызматкерлерге жума намазын окуу үчүн мечитке барууга салынды. Бул тууралуу “Азия-Плюс” сайтына бир нече мамлекеттик кызматкерлер кабар беришкен. Алардын айтымында, мурда жума намазын окуу үчүн эч кандай тоскоолдук жок эле.
“Ал эми акыркы эки аптада т.а. Курман айттан кийин жетекчилик жумуш учурунда жума намазына барууга тыюу салып койду”, – деди мамлекеттик кызматчылардын бири.
Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы дин иштери, улуттук каада-салт, той жана ырасымдарды тартипке салуу комитетиндеги “АП” булагы да бул сөздөрдү тастыктады.
Булактын билдиришинче, жума намазы учурунда комитеттин кызматкерлери мечиттерге бөлүштүрүлүп, “баланы тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилиги туурасындагы” токтом кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөп жатышат. Бул токтомго ылайык, 18 жашка чыга элек жаштардын мечитке келишине тыюу салынган.
Комитеттеги булактын баса белгилешинче, ал эми башка мамлекеттик кызматкерлер жумуш мезгилинде өз ордунда болушу керек.