ЖККУ жана ЕККУ Тажикстанга Афганистан менен чегараларын бекемдөөгө жардам берет

381
0

ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжанын “ТАСС” агенттигине билдиришинче, Тажикстанга Афганистан менен болгон чегараларын бекемдөөгө ЕККУ жана ЖККУ жардам берет.

 “Биз маалымат коопсуздугу маселелери боюнча биргеликте иштөөгө жана кызматташууга келишип алдык, наркотикалык заттардын мыйзамсыз айланышынын алдын алуу боюнча ЕККУ булактарынан пайдалануу тууралуу ойлонуп көрөбүз… жана Тажикстанга чегараларын бекемдөөгө жардам берүүгө олуттуу киришебиз”, – деди Бордюжа Евразияда коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча ЖККУнун туруктуу кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында. Ушул жыйында ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньер да катышкан.

Туркистон:

Россия экономикалык кыйынчылыктар себептүү оор абалга кептелип калышына карабастан, дүйнөлүк саясатта өз позициясын бекемдеп алуу үчүн кооптуу оюнга кирүүгө мажбур болду. Жакынкы Чыгышта таасирин сактап калуу максатында алда качан эле саясий өлүккө айланып калган Башар Асадды колдоп-кубаттоо үчүн аскерий операцияларды баштап жиберди. Айрым адистердин айтымында, Сирияда жүргүзүп жаткан аскерий операциялар Россия үчүн 1 миллиард долларга түшөт, эгерде аскерий операциялар Россия көздөгөн мөөнөттө аяктай турган болсо.

  Россия Жакынкы Чыгышта таасирин сактап калууга умтулуу менен бир катарда Борбор Азияда да аскерий аралашуусун күчөтүүгө аракет кылууда. Муну ишке ашырууда Россия үчүн “ИШИМ”дин Афганистанда “күчөп бара жатканы” ыӊгайлуу болууда. Ушундай максатта Россия Тажикстандын Гиссор районунда жайгашкан “Айний” аэродромунда жаӊы авиа топ уюштурду жана авиа базага көп сандуу Ми-24П жана Ми-8МТВ согуштук-транспорт вертолётторун жайгаштыра баштады. Бул сыяктуу аскерий аракет жана чыгымдар Россия экономикасын кризиске алып келиши анык болсо да, Путин өзүнүн катасы себептүү Россия түшүп калган аянычтуу абалды ушул аркылуу жашырууга умтулууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here