Hizb-Turkiston-Kg
12-октябрга өткөн түнү №50 абактан 9 кылмышкер качып чыккан. Алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылышкан. Абактан качкан тогуз адамдын бешөө кармалып, төртөөнүн кутулуп кетүүгө үлгүргөнү айтылууда. Качкандардын бардыгы “Жайшул Махди” уюмунун мүчөлөрү экендиги да айтылууда.
“Азаттык” радиосунун билдиришинче, Өзбекстандын Кокон шаарындагы № 4-мектепте кеӊири көлөмдө ызы-чуулуу текшерүү иштери жүргүзүлгөн жана эки мугалим камакка алынган. Бул анонимдүү каттын негизинде уюштурулган операция болуп, мугалимдерди “Ислам мамлекети” уюмуна үгүттөөчү баракчаларды таркаткандыкта айыпташкан.
Мындан бир аз мурда ушул сыяктуу түшүнүксүз аракеттер Тажикстанда жүз берген эле. Ал жерде ЖККУнун кезектеги жыйыны өткөрүлүшүнүн алдында кандайдыр белгисиз топ тарабынан бир нече аскерлер өлтүрүп жиберилди. Бул топтун кийинки тагдыры тууралуу болсо эч нерсе айтылбады. Кудум алар өзүнөн-өзү жок болуп кеткендей, же таптакыр мурда да болбогону сыяктуу.
Тажикстанда болуп өткөн ЖККУнун жыйынында Россия президенти Путин: “Террорчулар Мекке, Медина жана Иерусалимге көз артып жатышат. Алар Европа, Россия жана Борбор Азия о.э. Түштүк– Батыш Азияга кеӊейүүнү пландаштырууда. О.э. ал уюмдун катарында идеологиялык жана аскерий даярдыктан өткөн мурдагы Союздук мамлекеттердин жарандарынын өз өлкөсүнө кайтып келиши бизди тынчсыздандырат”, – деди.
Мындан тышкары, Путин Борбор Азия мамлекеттерин эки стандартуу позициядан баш тартууга чакырып, аларды коркутту. Ал бул мамлекеттерди Россиянын тагдырын өздөрүнүкү менен ылайыкташтырып, Ислам жана терроризмге каршы бир тарапка өтүүгө чакырды.
Кыргызстан Жаза аткаруу башкармалыгынын өкүлү Саламат Абдиевдин расмий билдирүүсүндө айтылышынча, “качып кеткен кылмышкерлердин камераларынан башка бардык камералар жабык болгон” имиш. Дагы качып бара жаткан кылмышкерлер автомат октору астында абак кызматкеринин автомашинасын айдап кетүүгө үлгүргөн имиш. Эскертип өтөбүз, качкан кылмышкерлердин арасында мындан бир нече ай мурда Бишкекте уюштурулган атышуулар учурунда кармалган бир жигит да бар.
Кыргызстандагы “5-канал” бул кылмыштуу топту исламий терроризм жана экстремизм топтору деп атап, дагы бир нече кыймылдарды да аларга байланыштырып өттү. Ошолордун катарында Хизб ут-Тахрир да бул исламий топтордун арасында, ал тургай 2010-жылдагы Ош окуяларында да негизги орунду ээлеген имиш. Дагы бир нече негизсиз жана далилсиз куру кеп-сөздөр таркатылууда.
Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери Россия жана АКШ тарабынан катуу коркутулуп жатышат. Алар Россиянын Сирияда жүргүзүп жаткан аскерий операцияларын колдоп жиберишти. Эми эмне болушу мүмкүндүгүн анык билбеген абалда, өздөрүнчө мусулмандар арасында тазалоо иштерин ого бетер күчөтүү үчүн шарттарды түзүп алмакчы болушат. Кыргызстанда ал тургай № 27 абак бошотулуп, исламий кылмышкерлер үчүн өзүнчө абак даярдалып жатканы тууралуу кеп-сөздөр пайда болууда. Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер Токон Мамытов 12-октябрь күнү “Азаттык”ка берген интервьюсунда бул тууралуу кеӊири айтып берди.
Россия жана анын куйруктары тарабынан жүргүзүлүп жаткан согуш Ислам жана мусулмандардын каарын ойготушу анык. Мындан тышкары, мужахиддерди бир региондон сүрүп чыгаруу менен проблема чечилбейт, тескерисинче чиелешип кетет. Алар башка региондорго көчүп өтүшөт же өз мекендерине кайтышат. Жогорудагы мамлекеттердин жетекчилери да муну жакшы түшүнүп турушат. Алар Россиядан коркушат. Россия – кечээ күнү эле Түркияда болуп өткөнү сыяктуу – ири террордук операцияларды бул мамлекеттерде да ишке ашыра алат.
Тажикстандын Афганистан менен миӊдеген километр чегаралары бар. Тажикстан башка мамлекеттер үчүн буфердик зона деп айтууга болот. Аны болсо Афганистанда башаламандык болсо, Россия аскерлери гана коргой алат. Тажик режиминин ички абалы да өтө кооптуу. Тажикстан өкмөтү мусулмандар менен болгон алакасын өтө жаман абалга алып келип койду. Өзбекстандын тынчсыздануусу да Кыргызстандыкынан кем эмес. Ошондуктан, алар коопсуздук тармагында Россиянын сызган сызыгынан чыгууга батына алышпайт.
Орто Азия мамлекеттери Россияны колдоого мажбур болуп турушат. Алар өз мамлекеттериндеги исламий топторго каршы күрөшүү менен болсо да, Россияны колдоп турууга аракет кылышат. Т.а. кырдаалга карай Шамдагы аскерий операцияларга кандайдыр жагынан аралашып калышы да мүмкүн. Анда кырдаал өтө курчуп кетет. Бул мамлекеттердеги мусулман жарандардын бийликке каршы душмандыгы ойгоно баштайт. Бул абал ушул өлкөлөрдө жаӊы исламий согушкер топторду пайда кылууга аракет кылып жаткан күчтөр үчүн ыӊгайлуу шатттарды түзөт.
Ошондуктан, биз Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин атынан кыргыз бийлигин мусулмандарга каршы куфрдун кеӊеши негизинде жүргүзүлүшү күтүлүп жаткан операциялардан баш тартууга чакырабыз. Бул аракеттердин бардыгы куфрдун кызыкчылыгына жол ачып берет. Бул региондо жарандык согуш келип чыгышы үчүн ыңгайлуу чөйрө пайда кылат. Мусулмандар арасында душмандыктарды пайда кылууга каратылган бардык аракеттер куфрдун кызыкчылыгы болуп эсептелет. Биз мусулмандар дегенде бийлик өкүлдөрү, аскерий адамдар жана ички күч түзүмдөрүнүн бардыгын назарда тутабыз. Алардын ортосундагы келишпестик Афганистан, Ливия, Сирия, Ирак… сыяктуу исламий өлкөлөрдөгүдөй жаман натыйжаларга алып барат. Бул болсо, Ислам жана мусулмандардын кызыкчылыгы эмес.
Силер куфрдун чоӊ мамлекеттеринин катуу басымы астында калганыӊарды көрүп турабыз. Бирок, силердин артыӊарда өтө чоӊ Үммөт кубаты турат. Болгону, куфр силерди чалгытып, Үммөт менен мамилеӊерди бузуп жибере турган аракеттерге силерди мажбурлап жатат. Куфрдан жүз үйрүгүлө. Бул колдон келбей турган иш эмес. Өз учурунда куфр калкынын кубатынан пайдаланып, куфр баскынчыларын кууп чыгарган Манделла жана Гандини эстегиле. Силерге Аллахтын алдында шылтоо жок.