НАТО Россия учактарына чабуул кылууга уруксат берди

371
0

Эгерде Ирак асманында НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерий учкучтарынын өмүрүнө Россия учактары тарабынан коркунуч пайда боло турган болсо, аларга чабуул кылууга уруксат берилди. Бул тууралуу жекшемби күнү Лондондун “Daily Star Sunday” гезити Бириккен королдуктун коргоо министрлигиндеги булагына негизделип кабар таркатты.

Министрликтеги булактын билдиришинче, Британия аскерий аба күчтөрү “Торнадо” учактарынын учкучтарына, кырдаалга карай, эгерде өмүрүнө коркунуч пайда болгудай болсо, орус учактарына чабуул кылуу укугу берилди. Ал эми, ошол эле учурда, учкучтарга Иракта орус аскерлери менен ар түрдүү кагышуудан алыс болуу керектиги дайындалды.

Басылманын билдиришинче, Бириккен королдуктун аскерий аба күчтөрүнүн учактары «аба-аба» тибиндеги ракеталар менен камсыздалат. “Ушул кезге чейин британ учактары мындай ракеталар менен жабдылбайт эле. А бирок, бүгүнкү күнгө келип абал өзгөрдү. Россиянын Сириядагы аскерий операциялары регионго коркунуч туудура баштады”, “Британ министрлери Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Россиянын аракеттери себептүү “бир кыйла кооптуу” болуп калганы туурасында эскертилгенден кийин ушул кадам ташталды”, – деп айтылат кабарда.

Маалымат булагынын айтымында, самолёттор добуштун тездигинде учуп жаткан кезде аба мейкиндиги өтө тар болуп калышы, ошол себептен улам кагышуулар жүз бериши же россиялык учкуч ката себептүү ок чыгарышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here