АКШ аскерий машыгуу программасынан баш тартты

388
0

АКШ өкмөтү Түркия, Иордания жана Саудия менен биргеликте ишке ашырып жаткан Сирия муътадил оппозициясын “аскерий машыгуу”дан өткөрүү жана мужахиддерге каршы куралдандыруу программасынан баш тартты. Бул тууралуу АКШда чыгуучу “New York Times” гезити Обама админстрациясына жакын булакка таянуу менен кабар таркатты.

Газета таркаткан кабарга ылайык, Вашингтондон бул темага тиешелүү расмий билдирүү келиши күтүлүүдө. АКШ коргоо министрлигинин атын ачыктоону каалабаган жогорку даражалуу жооптууларынын бири да Сирия муътадил оппозициясынын Иордания, Катар, Саудия жана Бириккен Араб Эмиратындагы “Аскерий машыгуу” программасы аякташы тууралуу билдирди. Жооптуунун айтымында, анын ордуна Түркияда кичинекей бир машыгуу борбору курулат. Ал жерде Сирия оппозициялык топторунун башчылары окутулат. Бул кичинекей топко АКШнын абадан болуучу операциясында бутага алынуучу чекиттер кандай белгилениши туурасында окутулушу пландаштырылууда.

АКШ “аскерий машыгуу” программасы үчүн мамлекеттик бюджеттен 500 миллион доллар ажыраткан эле жана бир жылда 4500 муътадил оппозиция өкүлү аскерий машыгуудан өткөрүлүшү пландаштырылган болчу. Бирок план ийгиликсиз болуп, болгону 54 адам гана Сирияга жөнөтүлдү. Алардын кээ бирлери Жабхатун Нусра тобуна туткунга түштү, кээ бирлери өлтүрүлдү, кээ бирлери болсо уурдап кетилди. Кыскасы, АКШ борбордук командачылыгынын башчысы генерал Ллойд Остин “аскерий машыгуу”дан өткөн оппозиционерлердин төрт-бешөө гана калгандыгын расмий түрдө жарыя кылган болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here