Россия Афганистанга Ми-35 аскерий вертолётторун жеткирип берет

270
0

Октябрь айында Россия Афганистанга бир нече Ми-35 вертолётторун  жеткирип берүү туурасындагы келишимдерге кол коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу Россия президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирди.

Анын айтымында, Москва Афганистанга өкмөттүк күчтөрдүн согуштук мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүүдө жардам берүүдө. Россия аскерий окуу жайларында болсо афган офицерлери даярдыктан өтүп жатышат.

“Жакында эле РФнын ИИМ багыты боюнча чоӊ өлчөмдөгү ок атуучу куралдар жана ок-дарылар партиясы жеткирип берилген болчу”, – деди Кабулов.

Сайттын билдиришинче, Афганистандын биринчи вице-президенти Абдуррашид Достум Россиядан “ИШИМ”ге каршы күрөшүү үчүн аскерий жардам, айрыкча курал-жарак, самолёт жана вертолётторду берүүнү сураган болчу.

 Булак:“kun.uz”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here