“Демократия жалган, чыныгы чечим – Ислам”

257
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты “Демократия жалган, чыныгы чечим – Ислам” деген аталыштагы жаңы компания баштады. Мусулмандар үчүн өтө кооптуу болгон демократияга каршы башталган ушул компанияда демократиянын чыныгы жүзү ачып таштоо көздөлгөндүгү айтылууда.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар видео кайрылуу аркылуу ушул компания башталгандыгын жарыя кылды. Кар мырза өзүнүн видео кайрылуусунда эч бир теӊдеши болбогон Ислам түзүмү мусулмандардын колунан тартып алынып, анын ордуна жасалма түзүм тыгыштырылып жатканына көӊүлдү буруп, жийиркеничтүү демократия алтын табактарга салынып мусулмандарга сунушталып жатканынан эскертти.

Видео кайрылууда жалпысынан: “Демократиянын жалган экендиги көрүнүп турган акыйкат. Муну биз эле айтып жатканыбыз жок. Демократиянын акыйкаттан ыраак экендигин, анын эч качан болбогондугун жана мындан кийин да болбостугун Батыш идеологдорунун өздөрү айтып жатышат. Бул түзүм ээлеринин өздөрү анын жалган экендигин айтып турган бир мезгилде мусулман интеллигенттер жана өкмөттүн өкүлдөрү таӊ каларлык даражада бизди ушул демократияга чакырып жатышат…”, “Демократиянын күчөшү мусулмандардын күчөгөндүгүн билдирбейт. Тескерисинче, демократия мусулмандарды алсыратууда жана аларды Исламдан алыстатууда”, “Биз бул ката жолду мусулман калкыбызга көрсөтүүнү каалайбыз.  Ошондуктан, “Демократия жалган, чыныгы чечим – Ислам” деген аталыштагы компанияны баштадык. Мындан көздөлгөн максат, демократиянын жасалма жасалма экендигин ашкере кылып, мусулмандарды андан коргоо. Компаниябыз 1-октябрдан 1-ноябрга чейин уланат. Компаниябызды күзөтүп барууну жана салымыӊызды кошууну кааласаӊыз Facebook жана башка социалдык тармактар аркылуу катышсаӊыз болот”, – деп айтылат.

https://www.facebook.com/Demokrasi-Yalan-Çözüm-İslam-768536753258558/timeline/

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here