Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Россиянын Сирия өкмөтүнө берип жаткан аскерий жардамы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага келди. Нетаньяху менен жолугушкан Россия президенти Владимир Путин Россиянын Жакынкы Чыгышта жүргүзүп жаткан саясаты Израилди эстен чыгарбаган абалда жүргүзүлүп жаткандыгын жана бул саясат Израиль үчүн таптакыр коркунуч туудурбастыгын билдирди.
“Израилде мурдагы Советтер союзунан көчүп кеткен көптөгөн адамдар жашайт. Бул болсо мамлекеттерибиз ортосундагы алакаларда өзгөчө мааниге ээ. Ошол себептен улам, Россиянын Жакынкы Чыгыштагы аракеттери ар дайым жоопкерчиликти сезген абалда ишке ашырылат”, – деди Россия президенти.
Путин Израилдин тынчсыздануулары орундуу экендигин жана ага каратылган ар кандай чабуулду каралай тургандыгын билдирди. Анын баса белгилешинче, орустардан аскерий жардам алып жаткан Сирия өкмөтүнүн Израилди бутага алуу планы жок.
Израилдин премьер-министри өзүнүн Россияга болгон сапары орус кошууну менен Израиль армиясы ортосунда кокустан кагышуулар жүз беришинин алдын алуу максатында ишке ашырылып жаткандыгын билдирди. О.э. Нетаняху жолугушуу учурунда Израилдин АКШ менен алакасы өтө бекем экендигин баса белгилеп, Россияга болгон расмий сапары туурасында АКШ өкмөтүнө брифинг берилгендигин да эскертип өттү.
“Керексиз согуштардын алдын алуу баарыбыздын кызыкчылыгыбыз. АКШ менен алакаларыбыз ар кандай нерседен маанилүү, күчтүү жана туруктуу. Бул жаатта АКШ менен толук кызматташтыкта иш жүргүзүп жатабыз”, – деди Израилдин премьер-министри.