АКШ Душанбеде аскерий машыгуу өткөрөт

280
0

АКШ, Пакистан, Монголия жана Тажикстан мамлекеттери 19-24-сентябрь күндөрү “Аймактык кызматташтык” деген аталыштагы аскерий машыгуу өткөрөт. Машыгуу Тажикстандын борбору Душанбе шаарында АКШ борбордук командачылыгынын башкаруусу астында болуп өтөт.

АКШнын Душанбедеги өкүлү ушул аскерий машыгуу боюнча билдирүү берди. Өкүлдүн айтымында, машыгуу өз ара кызматташтыкты күчөтүү жана региондо туруктуулукту сактоо үчүн ишке ашырылат.

“Бул өтө турган аскерий машыгуу Тажикстан республикасынын коргоо министрлиги менен башка мамлекеттерден келген коопсуздук адистеринин өз ара алакаларына жана аймактык кызматташтыкты күчөтүү о.э. регион туруктуулугун сактоо аракеттерине жардам берет”, “Быйылкы машыгуубуз Тажикстанда өтөт. Себеби, бул өлкө региондун туруктуулугунда маанилүү өнөктөшүбүз болуп эсептелет”, – деп айтылат билдирүүдө.

АКШ 2001-жылдан бери жыл сайын Түштүк Азия жана Орто Азия мамлекеттеринен болуп эсептелген Пакистан, Монголия жана Тажикстанда “Аймактык кызматташтык” деген аталыштагы аскерий машыгууларды өткөрүп келет. 2014-жылы сентябрь айында АКШда өткөрүлгөн машыгууга Тажикстандан өкүлдөр катышкан эле.

АКШ элчилиги эки мамлекет (АКШ жана Тажикстан) региондун экономикасын өнүктүрүү, туруктуулукту бекемдөө, терроризм жана наркобизнеске каршы күрөшүү, массалык кыргын куралдары таркалышынын алдын алуу сыяктуу тармактарда кеӊири кызматташып жаткандыгын билдирди. Элчилик өкүлдөрүнүн баса белгилешинче, Тажикстан өкмөтү Пакистан жана Монголия менен өлкөнүн тынчтыгы, туруктуулугу жана өнүгүүсү үчүн кызматташтыкта аракет кылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here