Роухани яхудийлерди куттуктады

255
0

Иран президенти Хасан Роухани Израилдин “Rosh Hashana” деген аталыштагы жаңы жыл майрамы менен яхудийлерди куттуктады. Бирок, Израиль аскерлеринин ушул күндөрдө Куддуста Ал-Акса мечитине уюштурган чабуулдары тууралуу ооз ачпады. Акыйкатта болсо, Израилдин куралдуу күчтөрү мына ушул “Rosh Hashana” күнүндө Ал-Акса мечитине таӊ эртеден чабуул кылып башташты. Мечитке келген көпчүлүк мусулмандар жараат алышты. Алардын арасында жаш балдар жана аялдар да бар. Ал-Жазиранын кабарчысы билдиргендей, баскынчылар 24 сааттын ичинде 3 жолу чабуул уюштурган.

Израиль коомчулугу болсо Роуханинин жылуу сөздөрү жана куттуктоолорун жакшы маанай менен кабыл алды. Роухани өзүнүн куттуктоо жана дубасын социалдык тармактарда жарыя кылды.

“Эки калктын (Израиль жана Иран калкынын) тамыры Ибрахим а.с.га барып такалышы бизге тынчтык жана бактылуулук алып келсин”, – деп айтылат Роуханинин куттуктоо жана дубасында.

Иран жооптуулары расмий же расмий эмес көрүнүштө Израилди коркута турган жана аны жер жүзүнөн жок кылып жиберүүгө каратылган билдирүүлөрү менен белгилүү. Иран президенти бир тараптан Израилге кызуу куттуктоолорду жолдогон болсо, экинчи тараптан Ирандын диний жетекчиси Аятулла Хаменеий өзүнүн “twitter” баракчасында Израилдин качан жок болуп кетүү убагын жарыя кылды.

“25 жылга чейин сионист режими деген нерсе калбайт”, “Силер келчектеги 25 жылды көрбөйсүӊөр”, “Инша Аллах алдыдагы 25 жылда яхудий режими жок болот”, – деген сөздөрдү жазды Ирандын диний лидери.

Хаменеий АКШ менен да душмандыгын жашырбастыгын билдирип, анын “чоӊ шайтан” экендигин дагы бир ирет эскертип өттү.

Ал: “Биз кээ бир себептерден улам ядролук программа боюнча гана сүйлөшүүлөрдү кабыл алдык. Алхамдулиллах, биздин дипломаттарыбыз милдеттерин жакшы аткарышты. Имам Хумайний АКШны чоӊ шайтан деген эле. Кээ бирөөлөр бул шайтанды преиштедей көрсөтүүгө аракет кылууда. Иран калкы бул шайтанды кууп жиберген. Эшиктен куулган АКШнын терезеден кирип келишине жол бербейбиз”, – деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here