“Эгерде уялбасаң, каалаганыӊды кыл”.

275
0

Ушул күндөрдө Үммөттүн башына түшүп жаткан балээлердин аягы үзүлбөй жатат.  Бул окуялар, канчалык ачуу болбосун, дүйнөнүн көз алдында ишке ашырылууда.  Эң өкүнүчтүүсү,  исламий өлкөлөрдүн жетекчилеринин дилин Вахн  ээлеп алган жана  бул кимселер напис-каалоосунун туткуну болгон малъундар болуп эсептелишет. Аларды башкача атай албайбыз, анткени, өз Жаратуучусуна ачыктан-ачык согуш жарыя кылган пенделердин абалы айбандан да жаман болуп эсептелет. Раъият жоопкерчилигин мойнуна алган жетекчилердин абалын карасаӊыз, кудум дүйнөдө эч кандай кайгы-капа жоктой бейкапар жүрүшөт. Акыйкатта болсо, раъият Аллах тарабынан берилген аманат жана анын акысын өтөй албаган адам эки дүйнөдө кордук көрөт. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам: “ Эй Абу  Зарр, муну аманат деп коёт, эгерде акысын өтөй албасаӊ кыяматта өкүнүчкө айланат”, – деген.

А бирок өкүнүчтүүсү, 80 жылдан бери Үммөт фасик, наадан акимдердин колунда калган. Үммөт динин 80 жылдан бери кудум колунда чок кармагандай кармап келет. Акыйкатта болсо, 3 күндөн ашык убакыт мусулман жетекчисиз жашоо арам экендигин билип туруп, бул убактылуу дүйнөдөгү кайсы бактылуулук үмүтүндө өмүр сүрүп жатасыӊар? Кантип эле мурдагы Советтер союзундагы абал бизге сабак болбосо? Кантип эле ушунчалык “сабырдуу” болсок?  Ал эми бул бейпайда “сабырдын“ акысына эмнеге жетишмекчибиз?  Бул сабырыбызга кыпындай да сооп жок! Анткени Аллахтын алдына барганыбызда бул  караӊгылык жана сүкүт сактообуз үчүн жооп беришибиз анык. Дос ким да, душман ким экендигин таанып алуунун убагы келбедиби? Биздин жерибиздин, байлыктарыбыздын куфр тарабынан талап-тонолушуна жол берген жетекчилерибизге сүкүт сактоону эмне үчүн  ыктыяр кылдык?

Ушул күндөрдө алардын чыныгы жүзү ачылууда.  Август айынын аягында бир жигитти сакалы себептүү уруп өлтүрүштү . Ошондон кийин  Тажикстанда кандуу кагылыштар болуп өттү. Табиятынан наадан президент кудум эч нерсе болбогондой 2 күндөн кийин окуя болгон жерге барды. Аны салтанаттуу көрүнүштө керней-сурнай менен күтүп алышты. Жаштар колун көкүрөгүнө алып сый көрсөтүштү, Үммөттүн кыздары чоочун эмес “улуттук “ жарым жылаӊач кийимде бийлеп беришти. Президент болсо курсант! Социалдык тармактарда бир ызы-чуу болду да, “сабырдуу” мусулмандар бул абалга да макул болушту. Эми Тажикстан президенти өзүнүн табакташтарын коноктоп, 14-15-сентябрь күндөрү ЖККУнун кезектеги саммитин өткөрүп берди. Алар дагы бир столдун айланасына чогулуп, алдыдагы жылдар үчүн үммөт үстүндөгү ыпылас пландарын түзүшөт.

Эгерде биз учурду пайдаланбасак,  өткөн Советтер доорундагы караӊгы мусулмандарды кечирбегенибиздей эле, бизди да келечек муун таптакыр кечирбейт. Мындан тышкары, бизге буюрулган даъват аманаты Кыяматта өкүнүчкө айланат.

Жогоруда айтылган акимдерге келсек, алардын өкүмү Аллахка калат, быйылкы алардын күнөөлөрү чектен чыгып кетти. Бул наадандарга Аллахтын Өзү кифая. Аллах Таала айтат:

“Биз жин жана инстен (адамдардан) көптөрүн тозок үчүн жараткандыгыбыз анык. Алардын дилдери бар го аӊдап-сезе алышпайт, көздөрү бар го, көрө алышпайт, кулактары бар го уга алышпайт. Алар кудум үй айбандары сыяктуу, жок, алар (акылсыздык, түшүнбөстүк жагынан) үй айбандарынан төмөн. Дал ошолор акыйкаттан бейкапар калган кимселер”.    (7:179)

Сөзүбүздүн аягында дагы бир жолу эскертип өтмөкчүбүз,  бул дүйнөдө кылынган ар бир амалыбыз т.а. кыпындай жакшылык же жамандыгыбыз, бизге каршы же биздин пайдабызга далил болушу анык. Биз Аллах буюрган жана Расулуллах (с.а.в.) көрсөтүп берген  иштерди кылмайынча таптакыр момун боло албайбыз. Эгерде биздин напсибиз, каалообуз, перзент жана мал-дүйнөбүз Аллах жана Анын расулунан абзелирээк болсо, анда мындай адамга төмөнкү: “Эгерде уялбасаӊ, каалаганыӊды кыл”, – деген хадис жетиштүү болот.

Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here