ДАЪВАТ МЕНЕН АМРУ МАЪРУФТУН АЙЫРМАСЫ БАРБЫ (4)

283
0

                                                                                    بسـم الله الرحمن الرحيم

Учурда даъват иштерибиз үчүн Расулуллах(с.а.в)дын Меккедеги жашоосу өрнөк кылып алынышы керек. Ага ылайык, Ислам белгилеген милдеттерди аткаруу менен бирге – Аркамдын үйүндө болгону сыяктуу – Исламды үйрөнүү жана түшүнүү баскычы башталат. Андан соӊ Исламды үйрөнүп, жакшы түшүнгөн ишенимдүү-садик момундар Үммөт Исламды жакшы түшүнүп жетиши жана Исламий Мамлекеттин бар болушу зарыл экендигин түшүнүшү үчүн Үммөткө таасир өткөрүү баскычына өтүшөт. Уюмдагы белгилүү бир адамдын жалгыз өзү же хизбдин жалгыз өзү аракет кылышы эӊ чоӊ ката болуп эсептелет. О.э. күрөштү белгилүү бир адамга же белгилүү бир хизб, же болбосо топко каратуу – адамдын шахсиясы же анын ээлеген орду, же болбосо мына ушул хизб же топтун ээлеген позициясы кандай даражада болбосун – өтө чоӊ ката болуп эсептелет. Тескерисинче, жамаий түрдө күрөш алып баруу керек жана күрөш коомго каратылган болушу керек. Жалгыз абалда күрөшүүдөн же күрөштү белгилүү бир адамга багыттодон алыс болуу зарыл. Себеби, жалгыз абалда күрөшүү же күрөштү жеке адамдар тарапка багыттоо жолу ката жол жана өтө зыяндуу. Үммөттүн башында турган кээ бир “жетекчилердин” же кээ бир “аалымдардын” акыйкатын ачуудан максат, аларга болгон ишенимди жок кылуу жана коомдо мындай чыккынчылардын орду “ата” же “баш” болуу эмес, саткындар, чагымчылар жана чыккынчылардын орду болгон өз орундарына түшүрүп коюусу үчүн Үммөттү эскертүү, адашып, алардын артынан кетип калышынын алдын алуу гана, анткени муну менен коомдо таза чөйрө пайда болсун т.а. коомдо ар бир адам өз ордунда болушуна даъват болот. Аллах Таала айтат:

تَبَّتْ يَدَا أَبِي لَهَبٍ وَتَبَّ   مَا أَغْنَى عَنْهُ مَالُهُ وَمَا كَسَبَ   سَيَصْلَى نَارًا ذَاتَ لَهَبٍ

وَامْرَأَتُهُ حَمَّالَةَ الْحَطَبِ   فِي جِيدِهَا حَبْلٌ مِنْ مَسَدٍ

 “ Абу Лахабдын колдору курусун – жок болсун! (Аныгында) ал куруду – жок болду! Мал-мүлкүнүн жана кесип кылып тапкан нерселеринин ага пайдасы тийген жок! Жакында ал жана анын отун аркалаган, мойнунда  бышык буладан эшилген аркан болгон аялы (балбылдап турган) от-жалындуу тозокко кирет!

Түшүндүрмө: Абу Лахабдын аялы Умми Жамил ар дайым адамдарды пайгамбар алайхис-саламга каршы кайраштырып, алардын ортосунда душмандык отун жагып жүргөнү себептүү, Куръан аны «отун аркалаган» деп сыпаттады жана тозокко да күйөөсү менен бирге дал ошол абалында кириши тууралуу кабар берди. [111:1-5]

Учурда Үммөт арасында күйөөсүн колдоп-кубаттоо үчүн мындай кылышпаса да, нафсиясын же өзүнө “кудай” кылып алган кимселерди колдоо үчүн Үммөт арасында саткындык, чыккынчылык же чагымчылык кылып “отун көтөргөн” кимсени өз ордуна келтирип коюу да даъват ишине кирет. Уюм даъваттан башка нерсе менен алектенбейт жана башка иштердин бири менен алек болууну даъваттан чалгытуучу жана тосуучу нерсе деп эсептейт. Бул сыяктуу иштер менен алектенүү таптакыр жаиз эмес. Расулуллах(с.а.в) Меккеде Исламга даъват кылып жатканда Мекке фиску фужурга толгон эле. Ошондой болсо да, аларды жоготуу үчүн эч нерсе кылбады. Зулум, жакырчылык жана муктаждык ачык көрүнүп турган болсо да, бул нерселерди жеңилдетүү үчүн бирер иш кылгандыгы риваят кылынган эмес. Каъбада болгон убагында буттар жанында турат эле. Буттардын бирине да кол тийгизгендиги риваят кылынган эмес. Ошондуктан, куфрду кетирип дагы кайрадан исламий турмушту баштоо үчүн маддий (материалдык) иштерди же жихадды негиз кылып алуу тарыйкатка тескери болуп, пикирий жана саясий тарапка гана чектелүү керек. Пайгамбарыбыз(с.а.в) мушриктердин кудайларын айыптап, алардын акылсыз акмактар экендигин көрсөтүп, иштеринин жасалма экендигин ашкере кылат эле. Т.а. сөзгө жана пикирий тарапка гана чектелет болчу. Бирок, колунда мамлекет тикеленип Меккени фатх кылгандан кийин, ал буттардын, ошол фиску фужур, зулум, жакырчылык жана муктаждыктардын бирин да калтырбады. Ошондуктан, уюм даъватты жүргүзүп жатканда уюм катары башка иштердин бирөө-жарымын кылышы мүмкүн эмес. Уюм пикир жана даъваттын өзүнө чектелиши керек, бирок, анын мүчөлөрү өздөрү кызыккан кайрымдуулук иштерин кылуудан кайтарылышпайт. Уюм болсо мындай ишти кылбайт. Себеби, анын иши даъватты жүргүзүү үчүн мамлекетти тикелөөдөн турат.

Расулуллах(с.а.в)дын Меккедеги турмушун өрнөк кылып алуу важиб экендигине карабастан, Мекке калкы жана аларды Исламга даъват кылуу менен азыркы мусулмандар жана аларды исламий турмушту кайрадан баштоого даъват кылуунун ортосундагы айырма эсепке алынышы керек. Т.а. Расулуллах(с.а.в) кафирлерди ыйманга даъват кылган эле. Ал эми азыркы даъват мусулмандарды Исламды түшүнүүгө жана ага амал кылууга даъват кылуу болуп эсептелет. Ошондуктан, азыркы даъват жеңил жана оңой. Бирок, чабуул кылуу ыкмасы өкүмдар болуп калышы зарыл. Ар кандай топ менен келишүү жана кызматташууга чакыруучу ар кандай пикирге – мейли өтө эле арзыбас болуп көрүнсө да – каршы күрөшүү зарыл. Бул орунда акыл негизинде эмес, шарият негизинде иш кылынышы керек, маселе ыйман же куфр, акыйкат же батыл, арам же адал, туура же ката маселеси экенин, алардын ортосундагы орточо чечим маселеси эместигин баяндап бериш керек. Демек, куфр, батыл, арам, ката жок кылынышы, ыйман, акыйкат, адал жана туура болсо түбөлүктүү калышы керек. Аллах Таала айтат:

أَفَتُؤْمِنُونَ بِبَعْضِ الْكِتَابِ وَتَكْفُرُونَ بِبَعْضٍ فَمَا جَزَاءُ مَنْ يَفْعَلُ ذَلِكَ مِنْكُمْ إِلَّا خِزْيٌ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا

وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرَدُّونَ إِلَى أَشَدِّ الْعَذَابِ وَمَا اللَّهُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعْمَلُونَ

«…Же китептин бир бөлүгүнө ишенип, бир бөлүгүн танасыңарбы? Араңардан ким бул ишти кылса, анын жазасы бул дүйнөдө кор болуу, Кыямат Күнүндө болсо ал катуу азапка дуушар кылынат. Аллах жасап жаткан ишиңерден кабарсыз эмес”.   [2:85]

وَأَنْ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنْ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ  أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنْ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

«(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын нафстерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер(сенин өкүмүңдөн) жүз үйүрүшсө, билип койгун, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү мусийбат жеткирүүнү каалайт. Шек-күмөнсүз, адамдардын көпчүлүгү итаатсыздар. Динсиздик өкүмдар болушун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коум үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?! [5:49-50]

Умар ибн Хаттаб казысы Шурайхка Аллахтын Китебине кароону нассат кылып: «Сени таасирдүү адамдар Куръандан буруп койбосун», – деген. Ошондуктан, даъватты жаюучулар бирер калыс тараптан Исламга тескери айтылган сөздөн, же даъватты урматтоочу киши пайдалуу деген далил менен билдирген Исламга тескери раъйлардан этият болушу керек. Мындай иштерден этият болушсун жана эч кимге мындай иш кылуу мүмкүнчүлүгүн беришпесин. Курч сын, каталарды ачып таштоо жана бардык абалдар Ислам талап кылып жаткан калыпка өтүшү зарыл экендигин баса белгилөө – бул саясий күрөш. Мисалы: мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун “Улуу Кыргызстан” партиясына “оомат тилеп” дуба кылышын алсак, бул партия Кыргызстан калкына мыйзам чыгарып берүү үчүн (т.а. адалды арам кылууга же арамды адал кылууга) өкүлдүк сурап, майданга аттанды… бул ачык ширк эмеспи? Кудайлыкты дааба кылуу эмеспи? Бул сыяктуу адамдарга кылмыштарынын акыйкатын түшүндүрүп, тообо кылышын талап кылуу керек. Ушул сыяктуу иштер даъватчынын милдети болуп эсептелет. Термизий чыгарган хадисте Адий ибн Хотам атат: «Мен Набий(с.а.в)дын алдына келдим, мойнумда алтын хоч (крест) бар эле – ал зат мага бутту алып ташта деп айтып, «Бараат» сүрөсүнөн мына бул:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн кахиндерин (поп) жана рахибдерин (равин)кудайлар деп билишти. [9:31] аятын окуп,мындай дегенин уктум: «Туура,адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок, рохибдер бирер нерсени адалкылышса, адамдар аларды адал деп эсептешкен, бирер нерсени арам деп айтышса, аны арам дешкен … ». “Демократия куфр системасы” китебине караӊыз.

Хизб же анын бирер мүчөсү аткарган иш бекем фикрат жана тарыйкат менен о.э. тереӊ түшүнүү жана аӊ-сезимдүү итаат көрүнүп тура турган күрөшүүчү ыкма менен аткарылса гана саясий күрөш белгилүү бир натыйжаны берет. Ичиндегиси сыртындагысына тескери келбеши керек. Ислам фикратын ишке ашыруу көздөлө турган бардык амалдар хис кылынбай турган натыйжаны жүзөгө чыгаруучу амалдардан турган болушу бүтүндөй четке кагылат жана бул нерсе Ислам тарыйкатына тескери деп эсептелет. Себеби, максат болгону натыйжага эмес, тескерисинче, белгилүү бир натыйжага жетишүү, гоя болсо кандайдыр ойгонууну пайда кылуу эмес, балким Исламий турмушту кайрадан баштоо жана Исламий даъватты жаюу. Хизб же анын бирер мүчөсү тарабынан шартарды өз абалына таштап коюунун т.а. өзү болор деп таштап коюунун мааниси жүз төмөн кулоого алып бара турган көрүнүштө токтоп калуу болуп эсептелет. Мына ошондуктан аткарган же аткарып жаткан, же болбосо ишке ашырышы керек болгон иштерди көрүп чыгуу аркылуу ар дайым пикирлөө зарыл. Шарттар же алар келтире турган абалдарды күтүп отурганы болбойт. Тескерисинче, шарттарды пайда кылуу жана жүз берген шартарды пайдалануу керек.

Тыянак кылып айтаарыбыз;

  1. “Даъват” Расулуллах(с.а.в)дын сыймыктуу милдети болгон жана андан көздөлгөн максат адамдар турмушунда колдонушу үчүн Исламды түшүнүктүү кылып жеткирүү, эсеби болсо Аллах Таалага:

فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ وَعَلَيْنَا الْحِسَابُ

“албетте, сенин мойнуңда (баарыбир чыныгы динди адамдарга толук) жеткирүү, Биздин мойнубузда болсо эсеп-китеп кылуу бар”. [13:40]

  1. Бул ишти улантуу бардык мусулмандарга фарзи кифая, аны ишке ашырууну каалоочулар Расулуллах(с.а.в)ды ибадатта өрнөк кылгандай эле, адеп-ахлакта да, даъватта да өрнөк кылып алышы жана даъват талап кылган ар кандай иште Аллахка гана тобокел кылышы керек, Аллах Таала айтат:

فَبِمَا رَحْمَةٍ مِنْ اللَّهِ لِنْتَ لَهُمْ وَلَوْ كُنْتَ فَظًّا غَلِيظَ الْقَلْبِ لَانْفَضُّوا مِنْ حَوْلِكَ فَاعْفُ عَنْهُمْ

وَاسْتَغْفِرْ لَهُمْ وَشَاوِرْهُمْ فِي الْأَمْرِ فَإِذَا عَزَمْتَ فَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَوَكِّلِينَ

(Эй Мухаммад), Аллах тарабынан болгон бир мээрим себептүү аларга (сахабаларыңа) жумшак сөздүү болдуң. Эгер орой, дили катуу болгонуңда, албетте, айланаңдан таркалып кетишкен болор эле. Эми, аларды кечиргин, алар үчүн Аллахтан магфират сурагын жана иштериңде аларга кеңеш салгын. Эми (кеңешкен соң бир ишти) ниет кылсаң, Аллахка тобокел кылгын. Албетте, Аллах Өзүнө сүйөнүп (иш кылуучуларды) сүйөт”.  [3:159]

  1. Бул ишти “уюм” болуп кылуу – тарыйкат. Ошондуктан, бизде “уюмдун милдети исламий даъватты жаюу” деп табанний кылынган. Аллах Таала айтат:

وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَأُوْلَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңардан жакшылыкка даъват кыла турган, маъруфка буйруп, мункардан кайтара турган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгиликке жетүүчүлөр”.   [3:104]

(уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here