Коргоо кеӊешинин 10-сентябрдагы жыйынында Кыргызстанда терроризм жана экстремизм коркунучу күчөп бара жатканы айтылды.
Кабар берилишинче, жыйында “диний экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар тууралуу” маселе каралды. УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун айтымында, Кыргызстанда мамлекетке, коомго жана жарандарга каршы терроризм жана экстремизм коркунучу жогорулап бара жатат. Ал мындай кылмыштарды аныктоо жана алдын алуу, терроризм жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүдө УКМК тарабынан көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Рустам Мамасадыковдун айтымында, бул иштер Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Борбор Азия регионундагы, Афганистандагы террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдешүүсүн эске алуу менен жүргүзүлүп жатат.
Жыйынга катышкан президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, акыркы жылдары мамлекет терроризмди жана экстремизмди болтурбоо, өлкө жарандарын радикалдык уюмдарга азгырып жалдоого жол бербөө максатында диний саясат маселелерине өзгөчө көӊүл буруп жатат.
Президенттин пикири боюнча, бул багытта комплекстүү иш жүргүзүү зарыл жана бардык мамлекеттик органдар бул коркунучтарга каршы туруу үчүн бардык күч аракетин жумшоого милдеттүү.
Жыйындын соӊунда терроризм жана экстремизмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу максатында тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды. Өкмөт болсо мамлекеттик органдардын бул сыяктуу кылмыштарга каршы натыйжалуу күрөшүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды табууга о.э. укук коргоо органдарынын натыйжалуулугун арттырууга милдеттендирилди.