Венгриянын премьер-министри: Миграция натыйжасында христиандар жеӊилишет

252
0

Эгерде качкындар агымы токтотулбаса, Европа христиандары азчылыкка айланып калат, Европа Созунун бир түрдүүлүгү болсо жоголот, – деди Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Bild гезитине берген интервьюсунда.

“Европалык саясатчылар учурда таттуу кыялдар дүйнөсүндө жашап жатышат. Алар келечекте бизди кандай кооп-коркунучтар күтүп жатканын элестетишкен жок. Пакистан, Бангладеш, Мали, Эфиопия жана Нигериядан келип жаткан агымдын чеги жок. Эгерде алардын бардыгын тим койсок, Европа кыйроого учурайт. Мусулмандар миграциясы натыйжасында келечекте алар Европада көпчүлүктү түзүп калышат. Европа эки маданият кызматташтыгына таштап коюлса, христиандар жеӊилишет”, – деди премьер-министр.

Орбан качкындарды Венгрия жана Германияга өткөрүүгө уруксат бергени үчүн Германия канцлери Ангела Меркелди да сындады. Анын пикири боюнча, мындай абал мамлекетте башаламандыкты пайда кылат. Мигранттардын полиция менен кагышуулары жүз берет.

Мындан бир аз мурда, Орбан качкындарга келген жерлерине кайтып кетүүнү насаат кылган болчу.

Туркистон:

Үч жаштагы Айландын сөөгү Түркиянын жээгинде табылганга чейин куфр мамлекеттери  качкындар маселесине көӊүл бурбай келе жатышкан эле. Айландын жансыз сүрөтү социалдык тармактарда ызы-чууларга себеп болуп кеткенден кийин мусулмандар башына түшүп жаткан кырсыктардын негизги себепкери болгон куфр мамлекеттери айласыздан качкындарды кабыл алууга мажбур болушту.

 Албетте, алар бул иштерди мусулмандарга боору ачыгандыктан эмес, тескерисинче өздөрүн адамгерчиликтүү кылып көрсөтүү аркылуу дүйнөлүк коомчулукту, айрыкча мусулмандарды чалгытуу үчүн ишке ашырып жатышат. Бул иштер бир аз басылып, окуялар эскириши менен куфр мамлекеттери дагы кайрадан качкындар маселесин унутушат жана качкындардын Европага кирин келишин дагы кайрадан чектей башташат. Муну ишке ашыруу үчүн куфр мамлекеттери азыртадан шылтоолорду даярдай башташты.“Sunday Express” басылмасынын Европага  качкын көрүнүшүндөгү 4 миӊ “ИШИМ” согушкери кирип алганы туурасында кабар таркатышы да куфр мамлекеттеринин  качкындар проблемасын “чечүүгө” киришкендигин көрсөтүп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here