Суроо-Жооп

328
0

Ассаламу алейкум Tуркистон редакциясы, акыркы күндөрдөгү окуялар боюнча, түрк өкмөтү Инжирлик бaзасын Aмерикага берди жана Америка Өзбекстанды да коалицияга кошулууга чакырды. Aмерика түзүп жаткан коалиция Сириянын Халифалыкты талап кылып жаткан калкын кырып таштайбы же болгону бир аракет кылып көрүүдөбү? Aмерика бул иштер менен эмнени көздөп жатат?

Жооп:

Ваалайкум ассалам. Сирияда башталган тынч демонстрациялар убагында Халифалыкты талап кыла баштаган Үммөт өкүлдөрү тарабынан ынкылаптык чөйрө даяр болуп бара жаткан эле. Ошол кезде АКШ башчылыгындагы эл аралык куфр системасы алдастап калганына күбө болгонбуз. Асад болсо телевидение аркылуу бүт дүйнөгө жар салып, “силер көӊүл бургула, алар Халифалык мамлекетин орнотушмакчы” деп кайра-кайра жардам сураган эле.

Жетекчи куфр мамлекеттери иштин жүрүшүнөн өздөрүнүн жалпы кызыкчылыктарына коркунуч келе жатканын сезүү менен биригишти. Алар Шамдагы ынкылаптык калк козголоңун арзыбаган куралдуу элдик козголоңго айландыруу аркылуу исламий ынкылаптык аракетти чалгытып жиберишти. Бул ишти ишке ашырып алгандан кийин куфр дүйнөсү кадыржам болду жана дагы кайрадан бири-бири менен ар бири өз кызыкчылыктары үстүндө кагыша башташты. Асад да дээрлик кадыржам болду. Ошондон кийин Сирия калкын ар тарапка сүргүн кылып жиберүү аркылуу Сирияны Халифалык талап кылуу үчүн негизги кубат болгон калк базасынан тазалап алышты.

Кийинки баскычта болсо Асад режими “Хизбулла” жана дагы бир нече күчтөр аркылуу зулумду күчөтүү менен Сирия ичиндеги эле эмес, бүт дүйнөдөгү калыс жана ыймандуу туйгулары күчтүү болгон мусулмандарды ушул жерге чогултуп алууга жетишишти. Бул нерсе аларга Шамда күчтөр таразасын теӊдештирип кармап туруу үчүн өтө маанилүү эле. Бул куфр системасынын тыкан иштеп чыгылган саясий операциясы болчу. Эми куфр системасына көӊүл бурсаӊыз, алар кадыржам болуп өз иштери менен алек. Алар “эми тазалоо иштерине киришсек да боло берет” деген тыянакка келе башташты.

Эми АКШ Сирияны исламий аскерий күчтөрдөн тазалап, бул өлкөдө дагы кайрадан өз малайларынан турган саясий чөйрөнү калыптандырмакчы болууда. АКШ бул максатын ишке ашыруу үчүн жогорудагы исламий күчтөр бүт дүйнө үчүн коркунуч туудуруп  жаткандай кылып көрсөтүү операциясын баштады. АКШ дүйнө бойлоп жаңы коалициялык күчтөрдү чогултуу үчүн күчтүү кампания баштады. Бул сыяктуу дүйнөлүк иштерди АКШ башка мамлекеттерди шантаж жана террор кылуу жолу менен ишке ашырат. Эсиӊизде болсо, Иракка каршы коалиция түзүү учурунда Франция жана Россия каршылык кылган эле. Ошондо АКШ бир нече күндө долларды 30 % га чейин төмөндөтүп жибергенде Франция менен Россия дароо АКШ үчүн керектүү болгон документтерге кол коюп беришкен эле.

 АКШнын эң алсыз чекити анын өлүп бара жаткан идеологиялык кубатсыздыгында. Ошондуктан да ал ар кандай идеологиялык кагышуудан өзүн алып качат жана бул кагышууну өзүнүн эң күчтүү чекиттеринин бири болгон аскерий тарапка багыттап алууга катуу аракет кылат. Эгерде ушуга жетишсе ар кандай күчтү жеӊе алат, же болбосо, жок эле дегенде ошол күчтөрдү чалгытып, өз идеологиясынан үзүп алуу аркылуу аларды бири-бири менен согуша турган абалда калтырат. Муну Афганистан, Ирак, Ливия, Сирия… мисалында көрүшүбүз мүмкүн.

 Жогорудагылар куфр ойлогон жана пландаштырып жаткан стратегиялык аракеттер. Эми суроодогу алардын максаттары кандай экендиги жана анын жүзөгө чыгышы канчалык мүмкүн экендиги туурасында пикирлейбиз.

АКШ жана куфр дүйнөсүнө калса алда качан эле Сирия калкын кырып жиберишет болчу. Алардын бул ишине дүйнөдө калыптанып бара жаткан ыймандуу чөйрө тоскоолдук кылып турат. Т.а. сиз менен биз даъват кылуу жана башка саясий аракеттерибиз менен Үммөт ичинде куфрга каршы ыймандуу чөйрөнү даярдап бара жатабыз. Бул чөйрө ал тургай алсыз мусулманды да Сириядагы сыяктуу абалдарга ыраазы болбой турган кылып тарбиялап барат. Натыйжада Үммөттүн арасында “раъй омм” – вакидеги окуя жана иштерге карата исламий дүйнө караш калыптанып барат. Андан кийин ушул дүйнө караш улуттар жана өлкөлөрдө, үрп-адаттарыбыз негизинде арабыздагы туруктуу алакаларыбыз ыкмасына айланып барат. Мында Үммөт башкача дүйнө караш өкүлдөрүн коомдун төмөнкү катмары деп эсептеп, тез арада аларды да өз катарына кошуп алат.

Сирия же башка исламий өлкөлөргө карата куфр дүйнөсүнүн мамилелери жогорудагы пикирге т.а.Үммөттө исламий “раъй оммдон келип чыккан урфи омм” канчалык даражада күчтүү экенине байланыштуу. Бул болсо, дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө мусулмандар үчүн важиб болгон исламий даъват канчалык даражада жүргүзүлүп жатканына байланыштуу. Демек, коалиция күчтөрүнүн Сирияга чабуул кылуу көлөмү жана калкын канчалык даражада кыргын кыла алуу мүмкүнчүлүгү дүйнө мусулмандары, айрыкча, даъватчылар жоопкерчилиги астында деп айтсак болот. Куфр мусулмандардын саны менен эмес, тескерисинче алар көтөрүп жүргөн исламий пикирлери Ислам үммөтүнүн аӊ-сезимине канчалык даражада кирип бара алганы жана үммөт ошол пикирлерди турмуштагы ордуна кайтаруу үчүн эмнелерге даяр экендиги менен эсептешет. Куфр дүйнөсү дүйнө мусулмандарынын идеологиялык кубатынан гана айбыгат. Ошондуктан, алар мусулмандарды көптөгөн майда бөлүктөргө бөлүп жиберип, ар бирин өз мамлекетин коргоо менен алек кылып коюшту.

Алар пикирлерибизди чегара менен тосо алышпады. Ошондуктан, куфр дүйнөсү ислам дүйнөсүнүн өз акыйдабыз айланасындагы пикирий биримдигибизден өтө катуу коркушат. Аскерий кубатыбызды күчөтүүнүн негизи болгон аскерий иштеп чыгаруу системабыздын жоктугун алар өтө жакшы билишет. Ошондуктан, Сирияда Асад режими жашап жаткан аймакты өтө кадыржамдык менен коргоп келишет.

Демек, АКШ башчылык кылган жаңы дүйнөлүк коалициянын иш-аракеттери өзгөргүс бир сызык менен жүрбөйт. Тескерисинче, дүйнө мусулмандарынын өз идеологиясы негизиндеги каршылык аракеттерине ылайык, алдыга койгон жырткычтык пландарынан баш тартууга мажбур болушат.

 Туркистон редакциясы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here