Тажикстанга орустун аскерий техникалары келип жатат

381
0

  Россия коргоо министрлиги Тажикстан күч түзүмдөрүнө берген аскерий жабдыктардын кезектеги партиясы Душанбе аэропортуна жетип келди.

Россия коргоо министринин орун басары Анатолий Антоновго таянган абалда Тажикстандагы РФ элчиканасынын кабар беришинче, 11-август, дүйшөмбү күнү РФ коргоо министрлиги Тажикстандын күч органдары үчүн аскерий жардам катары бөлгөн аскерий жабдыктардын кезектеги партиясы Россия аскерий аба күчтөрүнө караштуу аскерий транспорттук самолёту менен жеткирилди.

 Кабарда айтылышынча, аскерий жабдыктарды жеткирип берүү ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары тажик-афган чегараларын бекемдөө боюнча 2013-жылы кабыл алган токтомдору алкагында ишке ашырылууда.

 Туркистон:

Россия Борбор Азия республикалары, айрыкча Тажикстан жана Кыргызстан үстүнөн өз таасирин дагы да күчөтүү үчүн бул республикаларды аскерий жактан өзүнө көз карандылыгын күчөтүүгө олуттуу көӊүл бурууда. 11-август күнү жетип келген аскерий жардамдан бир аз мурда Россия коргоо министрлиги тарабынан Тажикстанга Ми-8 жана Ми-24 транспорттук  жана аскерий вертолёттору, “Форпост” учкучсуз самолёттору алынып келинген эле.

 Мындан тышкары 2014-жылдын жайында түзүлгөн келишимге ылайык, Россия жакынкы жылдар ичинде Тажикстанга 1 миллиард 230 миллион долларлык аскерий-техникалык жардам көрсөтүү милдетин мойнуна алган эле. Бул аскерий жардам Тажикстан куралдуу күчтөрүн модернизация кылууга болжолдонгон.

 Тажикстан жардамдын алкагында байланыш каражаттары, ок атуучу куралдар жана ок-дарылардан баштап, авиация, артиллерия жана зениттик-ракета комплекстерине чейинки кеӊири түрдөгү курал-жарактарга ээ болот. Куралдар негизинен Россия Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнөн келип түшөт.

  Россия өкмөтү Тажикстанга курал-жарак жеткирип берүү менен эле чектелбестен, бул мамлекеттин аймагында жайгашкан 201-аскерий базасындагы аскерлер санын көбөйтүүгө да токтом кылды. Аскерий базанын командачысы Евгений Туболдун айтымында, алдыдагы беш жылдын ичинде аскерий кызматкерлердин саны 1,5 пайызга көбөйүп, 9 миӊ адамга жетет.

 Ошону менен бир катарда, Кыргызстанга Россия тарабынан 1 миллиард долларлык курал-жарак жеткирип берүү боюнча келишим түзүлгөн болуп, курал жана аскерий техникаларды жеткирип берүү 2013-жылдын декабрь айынан башталган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here