Махди Таиб: Иран кааласа Израилди 10 секундда жок кылууга кудуреттүү

390
0

 Иран революциялык гвардиячылар армиясынын командачыларынын бири, шия руханийи Махди Таиб өзүнүн билдирүүсүндө, Иран чабуулга өтсө Израилди 10 секундда жок кыла алышын айтты.

Махди Таибдин билдиришинче, Израиль Иранга атомдук бомба таштай турган болсо, 7 мүнөттө Иран чегараларына жетип келет. Ал эми Иран мамлекети Ливан түштүгү, Газа жана Батыш Жээк тарабынан 10 секундда Израилдин атомдук курулуштарына сокку бериши мүмкүн. Натыйжада ядролук жарылууну пайда кылуу аркылуу Тел-Авивди жок кылуу 10 секундда ишке ашат.

Көптөгөн жылдардан бери Израиль жана АКШга каршы билдирүүлөрү менен таанылган Иран Батыш кызыкчылыгы үчүн Сирияда жана Иракта мазхабдар аралык жаӊжал чыгарууда активдүү катышып келе  жатканы эч кимге сыр эмес. АКШ жана Батыш менен келишим түзгөндөн кийин да Израилди куру эле коркутушу регион калкынын ишенимине кирүүгө аракет кылып жатканын билдирет. Хужжатул-Ислам болуп эсептелген Махди Таибдин “Иран 10 секундда Израилди жок кылуу кудуретине ээ”, деген даабасы “Анда эмне үчүн Иран ушул кезге чейин Израилди жок кылбады” деген суроону пайда кылышы табигый.

Израиль жана АКШга каршы сүйлөөгө адаттанган Иран мындан мурда жашыруун жолугушуулар аркылуу Израиль менен курал-жарак алды-сатты кылганы ашкере болуп калган эле. Эми болсо АКШ, Израиль жана башка Батыш мамлекеттери менен алакаларын ашкере тикелеген Иран өкмөтү Яман, Сирия, Ирак жана Афганистан сыяктуу мамлекеттерде өтө чоӊ толкундоолорду пайда кылуу ролун ойноп жатат.

Башка бир тараптан Израилдин маалымат каражаттарында Иран эч качан Израиль мамлекети үчүн коркунуч болбогондугу туурасындагы макалалар чыга баштады. Израилдин белгилүү гезиттеринин бири “Гаарец”тин жазышынча, Иран Израилдин чыныгы душманы болгон эмес. Гезиттин жазышынча, 10 миӊден 25 миӊге чейинки яхудийлер Иранда тынч, бейпил жашоодо күн көрүп келишет.

“Ирандын өсүп бара жаткан күчү жана ядролук келишимдер жөнүндө мыйзамдуу суроолорду берүү үчүн жакшы эле себептер бар болушу мүмкүн. А бирок, Иран нацист Германия эмес”, деп жазат “Гаарец” гезитинин жазуучусу Петер Бейнарт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here