Өкмөт Ислам динине каршы күрөшүү аркылуу христиан дининин жайылышына шарт түзүп бермекчиби?

308
0

Акыркы жылдарда, айрыкча Темир Сариев Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалгандан бери расмий өкмөт Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн ого бетер күчөтүп барууда. Россиянын уруксаты жана көрсөтмөсү негизинде өкмөт башчылыкка келген Сариев күч-кайратын мамлекетте тереӊ тамыр жайган коррупция, жакырчылык жана жумушсуздукту жоюуга жумшоонун ордуна, Ислам дини жана анын көрүнүштөрүн коомдон сүрүп чыгарууга жумшап келүүдө. Албетте, Сариевден да, президенттен да ушундай кылууну Россия талап кылып, керек болсо аларга Ислам дини жана мусулмандарды жаман көрсөтүү үчүн атайын сценарийлерди  да түзүп берүүдө. Алар болсо бул иш Кыргызстан мусулмандарынын ишенимине туура келиши же туура келбешине карабастан бул тапшырмаларды сокурдук менен аткарып келе жатышат.

  Премьер-министрликке дайындалгандан кийин Темир Сариев башчылыгында өткөн бардык жыйындарда негизги тема Ислам дини жана анын көрүнүштөрү коомдо жайылышына жол бербестикке барып такалууда. Ошолордон, 2015-жылдын 27-июнунда болуп өткөн диний саясатты талкуулоого арналган өкмөттүк жыйында Сариев ИИМ жана УКМКнын жетекчилерине диний окуу жайларды жана медреселерди текшерүү милдетин жүктөгөн болсо, 16-июлдагы билим берүү маселелери боюнча болуп өткөн жыйында мечиттердин саны көбөйүп бара жатканынан тынчсызданганын билдирген болчу. 24-июл күнү Ысык-Көл областында болуп өткөн көчмө жыйында Темир Сариев, “Кыргыздар эч качан хижаб жана селде кийбегендигин” баса белгилеп, “Кыргызстан хижаб жана селде кийгендерге ачык каршы чыгышы керектигин” айтып өткөн эле.

 Президенттен баштап Темир Сариевге чейин, күч түзүмдөрүнөн баштап билим берүү министрлигине чейин бардык расмийлердин негизги көӊүлү Ислам динине жана мусулмандарга каршы күрөшкө каратылган абалда, аларга аманат кылып берилген өз жарандары Ислам дининен баш тартып христиан динине кирип кетип жатканына кыпындай да тынчсызданган жок. Бул проблеманы чечүү туурасында, өз жарандарын жана өздөрүн Аллахтын азабынан куткарып калуу туурасында ойлонуп да коюшкан жок.

 Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгы тарабынан өткөн жылы жарыя кылынган маалыматта христиан динин кабыл алган кыргыздардын саны 15 миӊден ашып кеткени айтылган эле. Расмий өкмөт ушул кезге чейин бул ишке көӊүл бурбай келе жатат.

 Сакал койгон, хижаб кийип жоолук оронгон, коомду адал жана арамга амал кылууга, Аллахтын бардык буйрук жана кайтарууларына моюн сунууга даъват кылып жаткан  мусулман жана муслималарды кыргыздын үрп-адаттарына кыянат кылгандыкта айыптап келе жаткан расмий өкмөт, өз динин саткандар чыныгы кыргыз менталитетине, кыргыз үрп-адаттарына кыянат кылгандар экендиги туурасында бир ооз айтып коюуну да каалабады. Акыйкатта болсо, президент да, Темир Сариев да   Кыргызстан калкы үстүнөн толук жоопкер болуп, кыямат күнү өз раияты үстүнөн Аллахтын алдында жооп беришет. Перзиденттик же премьер-министрлик бийлик эле эмес, жоопкерчилик болуп эсептелет. Кыргызстан калкы болсо алар үчүн аманат болуп, бул аманат үстүндө эсеп-китеп болушу анык.

  Имам Муслим риваят кылган хадисте Маъкил ибн Ясор розияллоху анху айтат: Мен Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам мындай деп жатканын уктум: “Аллах таала кайсы пендени бир жамаатка жетекчи кылса да, бирок бул киши жамаатына кыянат кылып өлсө, Аллах таала ага бейишти арам кылат”.

 Абдурахман.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here