Аскерий машыгуу долбоору жокко чыкты

520
0

Сириялык муътадил оппозиция өкүлдөрүн аскерий машыгуудан өткөрүү долбоорунан көздөлгөн максат ишке ашпай калды. Бул тууралуу аскерий машыгуудан өткөрүү долбоору боюнча жооптуу адам сириялык полковник Недим Хасан билдирди. Недим Хасандын айтымында, алгач 5000 кишини аскерий машыгуудан өткөрүү пландаштырылган. А бирок, бул цифра 54 адамдын машыгуудан өтүшү менен аяктаган.

Недим Хасан: “Алгачкы долбоордо бизден 5000 адамдык талапкерлер тизмесин талап кылышты. Биз дароо эле Сирияда ишке кириштик. Кыска убакыттын ичинде 3500 адамдын тизмесин түзүп АКШлык жооптууларга тапшырдык. Бул тизмеде келтирилгендерден 800 адамдын машыгуудан өтүүгө даяр турушу талап кылынды. Андан соӊ өздөрү жүргүзгөн тергөөлөр натыйжасыда бул цифра 350гө азайтылгандыгын айтышты. Мунун артынан 154 адам гана аскерий машыгууну улантты. Булардан 100 адам Иорданияда, 54 адам болсо Түркияда машыгуудан өтүп жатышкан эле. Иорданиядагы лагерде машыгуудан өтүп жаткан 100 адам АКШлыктар тарабынан жактырылбагандыктан мөөнөтүнөн мурда аскерий машыгуу токтотулуп, алар Сирияга кайтарып жиберилишти. Түркиядагы 54 адам аскерий машыгууну толук аяктап 2015-жылдын июль айында Сирияга сапар тартты. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, ушул күнгө чейин (8 айдын ичинде) болгону 54 аскерибиз гана машыгуудан өттү”, – деди.

Акыркы кабарларга ылайык, мына ушул 54 адамдын 18и мужахиддердин колуна туткунга түшкөн. Сирия түркмөн улуттук кыймылы партиясынын жетекчисинин жардамчысы Торик Жевизчинин айтымында, АКШ көзөмөлү астында аскерий машыгуудан өткөн 18 адам Жабхатун Нусра тобу тарабынан колго түшүрүлгөн. Алардын арасында жогорудагы маалыматтарды берген Недим Хасан да бар.

Бул окуядан бир аз убакыт өтүп, алардан дагы 8 адам колго түшүрүлдү. Ишенимдүү булактардан алынган кабарларга ылайык, аскерий машыгуудан өткөн адамдар менен Жабхатун Нусра тобу ортосунда болгон согушта оппозициячылардан 5 адам өлтүрүлүп, 16 адам жарадар болгон жана дагы 8 адам колго түшүрүлгөн. Эми аскерий машыгуудан өткөн 54 аскерден канчасы калгандыгын өзүӊүз эсептеп көрүӊүз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here