Кытайды Россияга каршы АКШ менен тил бириктиргендикте айыпташууда

257
0

 Россия Крымды өзүнө кошуп алгандан кийин АКШ жана Европа мамлекеттери Рссияга каршы ар түрдүү экономикалык жаза-чараларды колдонушту. О.э. бул жаза-чараларын күн өткөн сайын күчөтүп бара жатышат. Россияга каршы АКШ башчылыгында жүргүзүлүп  жаткан бул кампанияга Кытай өкмөтү расмий түрдө кошулбаган болсо да, бирок Россия менен алакаларын тымызын алыстатып бара жатат.

Мындан бир аз мурда, ВТБ төрагасынын биринчи орун басары Юрий Соловьёв “Finance Asia” үчүн жазган макаласында расмий Пекин Россияга каршы бирер финансылык санкция киргизбеген болсо да, Кытай банктары АКШ жана Европа союзу тарабынан киргизилген чектөөлөргө кошулушканы, Кытайдын көптөгөн кредиттик уюмдары Россия банктары менен операцияларды ишке ашыруудан баш тартып жатышканы жана өз ара сооданы каржылоодогу катышууларын сезиле турган көрүнүштө азайтышканы туурасында кабарлаган болчу.

“Учурдагы кызматташтык кыйынчылыктар менен коштолууда. Эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүн токтотуп турган негизги проблема АКШ жана Европа союзу санкцияларды киргизгенден кийин Россия банктарына карата Кытайдын карама-каршы позицияда турушу. Бүгүнкү күндө көптөгөн Кытай банктары Россия банктары катышуусундагы банктар аралык операцияларда катышпай жатышат. Мындан тышкары, Кытай банктары тышкы соода боюнча келишимдердеги катышуусун азайтышты, айрыкча, сооданы каржылоо боюнча”, – деп жазган эле Соловьёв.

Саясий пикир жана идеология илимий борбору өткөргөн талкууда Борбордун директору, физика-математика жана саясий илимдердин доктору Степан Сулакшин да Россияга каршы кабыл алынган жаза-чараларга Кытай да расмий эмес түрдө кошулгандыгын билдирди.

“Качан биз газды арзыбаган баага Кытайга сатуу үчүн барганыбызда, алар ошо эле убакта кредиттик уюмдарыбыз жана инвестиция түзүмү боюнча алакалар тартибин өзгөртүштү. Булар да ошол эле санкциялар, бирок, чыгыш тараптан болгон санкциялар болуп эсептелет. Бул эмне, сигналбы? Эгерде Россия Кытайга төрт аяктап жөрмөлөп барса, мына аны менен эмне болот”, – деди саясий серепчи.

Ошону менен бирге Сулакшин өзүнүн назарында көрсөтмө характерге ээ болгон АКШ жана Кытайдын биргеликтеги аскерий машыгууларын эске алып, “Россия ушул орунда эмне кылышы керек” деген суроону берди. Ал эми саясий серепчи бул суроого бир гана “өзүнүн тарыхий жөндөмүн пайдалануу керек” деген жоопту тапты.

 Талкууунун катышуучулары орустар жана мусулмандардын өзүн сактап калууда көптөгөн кылымдардан бери калыптанган тажрыйбасын эске түшүрүштү жана бул тажрыйбага таянган абалда “ИШИМ”ге кошулууну сунуш кылышты. Алардын айтымында, исламий радикалдык күчтөрдүн бир бөлүгүнө айлануу аркылуу Россияны бөлүп таштоо үчүн АКШ тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон ыктымалдуу чабуулдан жана бир бөлүк жерди бөлүп алууну пландаштырып жаткан Кытай коркунучунан сактанып калууга болот.

 “Бүгүн кытайлык саясатчылар бастырып кирүү технологиясын жетиштүү даражада өздөштүрүп жатышат. Анын түндүк аймактарды өздөштүрүү стратегиясы бар. Түндүк аймактар маселесинде Япония менен Россияда проблемалар бар болгону сыяктуу эле, Кытай менен да проблемалар бар”, – деди Сулакшин.

Талкуунун катышуучуларынын айтышынча, “үчүнчү күчтөрдүн катышуусусуз Россиянын мүмкүнчүлүктөрү жогору эмес, мамлекеттин азыркы жетекчилигинде глобалдык ички дүӊ продукциядагы үлүшү 2 пайыз болсо, жогорку технологиялык үлүшү 0,2 пайызга барабар т.а. дүйнөлүк экономикада эч кандай роль ойноп жаткан жок, велосипед кыймылдан токтошу менен жыгылат жана жок болуп кетет”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here