АКШ кызыкчылыгы үчүн согушкандар көчөдө калды

276
0

Ирак жана Афганистанды басып алууга катышкан миңдеген аскерлер үй-жайсыз АКШ көчөлөрүндө жашоого мажбур болушууда. Алар согушта алган жарааты жана психикалык ооруга чалдыкканы себептүү ушундай абалга түшкөндүктөрү айтылууда. Ишке ашырылган бир нече жардам берүү жана абалды жакшыртуу программаларна карабастан, көчөдө калган үйсүздөрдүн саны АКШнын бир нече штаттарында күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Үйсүз көчөдө калган жаш балдардын жана эл аралык аскерий операцияларда катышкан үй-жайсыз согушкерлердин саны көбөйүп барышы тынчсызданууларга себеп болууда.

АКШнын үй-жай курулуш жана өнүгүү департаменти “Вандербильт” университети менен кызматташтыкта жарыя кылган эң акыркы отчётто келишинче, өнөржайы өнүккөн мамлекеттер арасында үй-жайсыз көчөдө калган аялдар жана жаш балдардын өтө чоӊ бөлүгү АКШга туура келет. Манхэттен шаарында жайгашкан “Bowery Mission” уюму үй-жайсыз көчөдө калгандарды белгилүү бир өлчөмдөгү тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздап турат. Уюмдун жетекчиси Жулиан Падараттын журналисттерге берген билдирүүсүндө айтышынча, Америкада үй-жайсыз көчөдө калгандар арасында профессорлор, ал тургай, бүт дүйнөгө белгилүү болгон “Гарвард” университетинин бүтүрүүчүлөрү да бар.

Эң көӊүл бура турган жери, АКШ көчөлөрүндө үй-жайсыз тентиреп жүргөндөрдүн көпчүлүгү Афганистан жана Иракта АКШнын кызыкчылыгы үчүн согушкан аскерлерден турат. Алардын көпчүлүгүнүн дене түзүлүшү соо болсо да, бирок, психикалык ооруга чалдыгышкан. Аскерлер маселелери менен алектенүүчү “Department of Veterans Affairs” министрлиги согушкерлердин проблемасын чечүү үчүн тынымсыз аракет кылышына карабастан, көчөдө калган аскерлердин санын азайта албай жатат. Министрликтин эң акыркы отчётунда айтылышынча, АКШда 60 миӊге жакын мурдагы согушкер туура эмес түзүлгөн долбоор себептүү оорукана эшигинде кезек күтүүгө мажбур.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here