Өзбекстанда кыйноолор колдонулушуна мыйзамда тыюу салынбаган

314
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ 

8-9 июль күндөрү Женевада Өзбекстандагы абал туурасында БУУнун адам укуктары боюнча 114-сессиясы болуп өттү.  Жыйында Өзбекстан өкмөтүнүн 4 адамдан турган делегациясы катышып, көз карандысыз 18 эксперт тарабынан берилген 29 суроого жооп беришти.

Делегация курамында жогорку даражалуу өкмөттүк кызматкерлер: Башкы прокуратурадан Ислам Жасимов, Ички иштер министрлигинин алдындагы жаза аткаруу башкармалыгынан Евгений Ланкевич, Юстиция министрлигинен Шахноза Якубжанова, Адам укуктары улуттук борборунан Дилноза Муратовалар катышышты.

Берилген суроолордун бири – Өзбекстанда аялдар арасында мажбурий стерилизация (тазалоо) туурасында болчу. Мажбурий стерилизация программасы 1999-жылдан бери колдонулууда. Бул программа Өзбекстанда миңдеген аялдарга колдонулган. BBCнин Орто Азия боюнча кабарчысы Наталья Антелава 2013-жылы декабрь айында Нью-Йорк менен Вашингтондо Өзбекстанда аялдар арасындагы мажбурий стерилизация туурасында далил-фактылар менен кеӊири отчёт сунуштаган. Мамлекетте аялдарды стерилизациялоо боюнча (атайын программа) бар болуп, бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда. Бул суроого Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын жарандардын укук жана эркиндиктерин коргоо башкармалыгынын башчысы Ислам Жасимов “Өзбекстанда аялдар стерилизация кылынып жаткан жок” деп жооп берди.

Талкуу учурунда мусулмандардын укуктары тебелениши, аялдардын коомдук жайларда хижаб кийип жүрүшүнө тыюу салынышы, сакал коюуга тыюу салынышы, мечиттердин жаап коюлушу жана булардан башка көптөгөн суроолор көтөрүлдү. Бул суроолорго Өзбекстан делегациясынын башчысы мындай иштер бар экендигин четке кагып: “Өзбекстанда мусулмандарга карата эч кандай куугунтук болбой жатат”, – деп жооп берди.

БУУнун адистери тарабынан өзбек качкындарынын КМШ мамлекеттеринен уурдап кетилиши жана Өзбекстан камактарынан табылышы жөнүндө берилген суроону логикага туура келбейт деп таап: “Айыпталуучулар Минск конвенциясына  ылайык Россия жана Казакстандан экстрадиция кылынууда”, – деп жооп берди.

Жакында Москвадагы “Жардам” адам укуктары коомунун жетекчиси Бахром Хамроев “Азаттык” радиосуна кабар беришинче, 2014-жылы Россия камагынан уурдалган Жовлиддин Ганиевдин сөөгү Өзбекстан камагынан табылган. Өзбекстандык качкын Мирсобир Хамидкориев Москвадан 2014-жылы 9-июнь күнү уурдалып, Ташкентте соттолуп 8-жыл камак жазасына өкүм кылынган.

Төмөнкүдөй бир суроо пайда болушу табигый: “Минск конвенциясы” жарандарды башка мамлекеттерден уурдап кетүүгө уруксат береби?  О.э. адамдарды эч бир документсиз жана өз ыктыярына каршы көрүнүштө самолёттор аркылуу мамлекеттик чегаралардан алып өтүүгө болобу?

“Өзбекстанда туткундардын жырткычтык менен кыйноого алынып жатканы жана алардын артынан канчалаган туткундар кыйноолор астында өлүп жатканы да элдин баарына белгилүү. Өкмөт бул маселени кандай чечүүдө жана камактардагы кыйноолорду токтотуу ниети барбы?” – деген суроого Ислам Жасимов: “Өзбекстанда кыйноо колдонулушуна мыйзамда түздөн-түз тыюу салынбаган, ал эми Конституция боюнча кыйноо мүмкүн эмес”¸ – деп жооп берди.

Биз үзгүлтүксүз көрүнүштө кыйноолор астында боордошторубуздун майып кылып ташталган сөөктөрүн алып жатабыз. Коопсуздук органдары болсо сөөктү узатуу ырасымын тездетип, маркумду тезирээк көмүүгө мажбур кылууда. Маркумдун өлгөнүн эч ким билип калбасын үчүн сөөктү жаназа окубастан көмүп жиберүүгө мажбурлоо, басым өткөрүү абалдары күзөтүлгөн.

Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин алдындагы “Жахон” маалымат агенттиги бул ишке төмөнкүдөй комментарий берди: Жалпысынан алганда, конструктивдүү чөйрөдө болуп өткөн талкуулар учурунда адам укуктарын жана эркиндигин коргоону ишке ашыруу боюнча мыйзамдык жана конституциялык негиздерди бекемдөө үчүн ишке ашырып жаткан иш-чараларга оӊ баа берилген жана кабыл алынган укуктук тажрыйбаларды өнүктүрүү боюнча алдыдагы аракеттер колдоп-кубатталган. Өзбекстан республикасынын делегациясы менен адам укуктары тармагындагы бир катар маселелер туурасында интерактивдүү талкуулар учурунда уюмдун мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго кеӊири жооп беришкен жана интерактивдүү талкуунун өнүктүрүлүшүнө о.э. БУУнун ушул келишүү органы менен кызматташууга даяр экендиги күзөтүлгөн.

Ушул жолугушуу көбүрөөк сахна көрүнүшүнө окшойт. Каримов өкмөтүнүн өкүлү өкмөттүн калкка каршы ачык кылмыштарын жүзү жоктук менен четке какты. БУУдан келген катышуучулар маек жараянын унчукпастан күзөтүп отурушту. Өзбекстандан болгон адвокаттар жана укук коргоочулар жүз берген окуяга ачууланып жатышкан эле. Себеби, бул жолугушуу аз болсо да, Өзбекстанда кандайдыр өзгөрүш жасайт деп үмүттөнүшкөн эле.

Бирок көӊүл бура турган жери, канчалаган жылдардан бери Өзбекстандын о.э. башка мамлекеттердин мусулмандары Батышка жардам сурап кайрылышууда. Мисалы, канчалаган журналист жана укук коргоочулар отчёттор менен Кошмо штаттар, Британия жана Францияга жүздөнүштү? Эмне өзгөрдү?

Кошмо штаттар, Британия, Франция жана Германия адам укуктары жаатында ооз көбүртүшөт. Бирок түпкүлүгүндө, бул багытта эч бир ишти аткарышпайт. Бүгүнкү күндө өз күчтөрүн Афганистандан алып чыгып кетүү үчүн коридор керек болуп турган бир убакта АКШ Каримовдун кылмыштарына көз жумуп коюуда, өз кызыкчылыгынан келип чыгып унчукпай турууда жана мындан кийин да унчукпай тура берет. Батыш мамлекеттерин болсо биздин табигый байлыктарыбыз жана маанилүү стратегиялык жерлерибиз гана кызыктырат. Алар биздин элибизге карата жүз берип жаткан кылмыштарга көӊүл бурушпайт. Себеби, убакыт менен акыйкат бул ишти далилдеп турат.

Өзбекстандагы вакиъни өзгөртүү үчүн саясий өзгөрүш  жасашыбыз керек. Каримов режиминин саясаты илманийликке (динди турмуштан ажыратуу, светизм) негизделген. Батыш мамлекеттеринин саясаттары да илманийликке негизделген.

Тыянак ушул, Каримов режими да о.э. Батыш мамлекеттери да Өзбекстандагы мусулмандардын проблемаларын чече албайт. Себеби, Өзбекстан калкы мусулман жана биздин динибиз болсо Ислам.

Ислам саясаты материяны рухка аралаштыруу негизине курулган т.а. адам турмушундагы проблемалар Раббоний кайрылуу болгон Куръан жана сүннөт негизинде чечилиши керек. Аллах Таала Өзүнүн улуу китебинде айтат:

الْيَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الإِسْلاَمَ دِينًا

“Бүгүн силерге диниӊерди толук кылдым, неъматымды кемчиликсиз, толук кылып бердим жана силер үчүн Исламды дин кылып тандадым”. [5: 3].

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَن يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا مُّبِينًا

“Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылган – буйруган убакта бирер момун эркек жана момун аял үчүн (Аллахтын өкүмүн таштап коюп) өз иштеринен бирер ишти ыктыяр кылуу жаиз эмес. Ким Аллах жана Анын пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек, ал ачык жолдон адашуу менен адашыптыр”. [33:36].

Бирок, бүгүнкү күндө Аллахтын китеби жана Пайгамбарынын сүннөтүнө негизделген мамлекет жок. Мунун мааниси, биз дуушар болуп жаткан проблемаларды эч ким чечип бере албайт. Ошондуктан, биз ошол мамлекетти кайрадан тикелөө үчүн аракет кылбасак, Куран жана Сүннөт негизинде Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүүчү бийликти тикелөө үчүн аракет кылбасак, биз кыйнала беребиз жана бизди камакка таштап, өлгөнчө азаптай беришет.

إِنَّ اللّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنْفُسِهِمْ

Аныгында бирер коом өздөрүн өзгөртмөйүнчө, Аллах алардын абалын өзгөртпөйт.  [13:11].

Биз качан гана турмушта туура жетекчиликке ээрчисек, ошондо гана өзгөрүш болот. Эгерде биз күчтөрүбүз жана багыттарыбызды Куран жана сүннөткө туура келе турган иштерге карата алсак, ошондо бул нерсе бизди бул дүйнөдө да, кийинки дүйнөдө да нажат жана өнүгүү жолуна алып чыгат. Аллах бул тууралуу бизге убада берген:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон(Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»  [24:55].

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү Элдар Хамзин

28.07.2015.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here