ПИКИРДИН ТУРМУШТАГЫ ОРДУ (3)

320
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Пикирди турмуштагы өз ордуна коюу үчүн алгач турмушубузда болуп жаткан ар бир ишти алып, ошол тууралуу пикирлеп көрүшүбүз керек. Мисалы: “Хиз бут-Тахрир” саясий исламий партиясын о.э. ал тууралуу “Хизб ут-Тахрир – экстремисттик жамаат” же “Хизб ут-Тахрир – террористтик жамаат” деген пикирлер. “Хизб ут-Тахрир”дин вакиъсин жана ал жөнүндөгү бардык маалыматтарды эске алып, жогорудагы пикирлерди текшерсек бул пикирлер “Хизб ут-Тахрир”ге туура келбестиги т.а. ал пикирлер жалган экендиги белгилүү болот. Себеби, 60 жылдан көбүрөөк убакта бир жолу да террордук иштерди ишке ашырбагандыгы же кечээги эле “араб жазында”да эч бир экстремсттик аракет кылбагандыгы, ал тургай Кыргызстанда да эки жолу мамлекет башкаруусуз калган ыңгайлуу учурларда да экстремисттик аракеттерге барбагандыгынан “Хизб ут-Тахрир”ге карата айтылып жаткан “Хизб ут-Тахрир – экстремисттик жамаат” же “Хизб ут-Тахрир – террористтик жамаат” деген пикирлер ага карата курулай доомат экендиги белгилүү болот. Ошондо пикирлөө башталган болот. Имамдардын “Хизб ут-Тахрир – адашкан жамаат, себеби, алар кабыр азабын четке кагат”-  деп айтуусу болсо, алар да кафирге малайлык кылуу үчүн өздөрүнө туура келе турган тараптан жандашып жатканы белгилүү болот. Себеби, хизб кабыр азабын четке какпайт, тескерисинче, 100 пайыз анык болбогон кабарды этикад бөлүмүнө алуу т.а. негиз кылуу мүмкүн эмес деген пикирде. Имамдардын күнү – “شمس الأئمة” – деп таанылган Сарахсий рахимахуллах жалпысынан ушундай темаларда ал тургай мужтахиддерге да эскертүү берип мындай деген: « Албетте, бидъаттардын негизи ахад кабарларды Китеп жана машхур сүннөт негизинде текшерүүнү таштоодон пайда болот. Албетте, кээ бир адамдар аларды (ахад кабарларды) күмөндүү (т.а. эч кандай күмөнсүз даражага көтөрүлбөгөн ) болсо да негиз кылып алышат да, кийин анын негизинде Китепти жана машхур сүннөттөрдү таъвил кылышат, бул экөөсүн ага тобеъ кылып коюшат жана (100%) анык болбогон нерсени негиз кылып алышып, бидъаттарды пайда кылышат. Ушундан белгилүү болгондой, туурасы – “кабыр” жөнүндөгү ахад хадистерди Китеп жана катъий сүннөт негизинде текшерип чыгышыбыз керек. Ушундай карай турган болсок, түшүнүктөрдү каршы тараптагы түшүнүктөргө ылайыкташтыруу үчүн жана кабыл болушу үчүн таъвил кылууга туура келет, (т.а. 100% алууга мүмкүнчүлүк жок, тескерисинче таъвил кылууга мажбур болунат). Бул нерсе бизди мына ушул темада келген кабарларды манавий мутаватир даражасынан катъий болбогон тастыктоо даражасына түшүрүп коёт»

  Дагы бир мисал, Темир Сариевдин: “Кыргыздар эч качан хижаб жана селде кийишпеген, Ислам чүмбөтү астында кыргыздарга чоочун болгон үрп-адаттарды киргизүүгө аракет кылып жатышат”, “Биз, Ислам чүмбөтү астында чоочун адаттардын киргизилишине каршы күрөшүүбүз керек. Биз Исламды өзүбүздүн динибиз деп кабыл алдык. Бирок биз паранжы, селде жана дамбалды мажбурлап кийгизүүнү токтотушубуз зарыл. Кыргызстан хижаб жана селде кийгендерге ачык каршы чыгышы керек”, – деген сөзүн алып, пикирлеп көрөлү. Биз турмушубуз кандай болушун тарыхтан алабызбы? Анда “7- ноябрды” эмне үчүн майрамдабай койдук? Айрыкча баары бирдей белгилей турган “1- май” майрамычы? Акыры ал күн “Эмгекчилердин эл аралык күнү” катары белгиленет эле го? Аялдарыбыздын шерменделүү жүрүштөрү же эркектердин эрге тийиши кайсы тарыхыбыздан алынууда? Жок, бул өз калкына кыянат кылуудан, өз калкын алдоодон башка нерсе эмес. Жоолук жана узун көйнөк (жилбаб) чындап эле Исламдан эмеспи? Муну кийүүгө кимди ким мажбурлады? Мындай кийинүү Аллах Тааланын буйругу:

„О.э. көрүнүп тургандан башка кооздук-жасалгаларын көрсөтүшпөсүн жана көкүрөктөрүн жоолуктары менен тосушсун!“                                            [24:31]

„Эй Пайгамбар, жубайларыӊа, кыздарыӊа жана момундардын аялдарына айткын, үстүлөрүнө жамынчыларын жамынышсын!“                                          [33:59]

 «Расулуллах (с.а.в) бизге жаш кыздарды, хайз көрүп турган о.э. бойго жеткен кыздарды Рамазан жана Курман айттарга чыгарышыбызды буйруду. Хайз көрүп тургандары намаздан четтешет, жакшылыкка жана мусулмандардын дубасына күбө болушат». Мен ошондо: «Бирибиздин жамынчыбыз (жилбаб) болбосочу?” – деп сурадым. Расулуллах (с.а.в.): «Ага эжеси (досу) жилбабын кийгизсин», – деп жооп берди. (Муслим риваяты). Мына ушундай анык сыпаттоо аркылуу аялдын жалпы турмуштагы кийими эмне жана кандай болушу керектиги анык белгилүү болот.

Алар өз калкын алдап жатканы башталыш пикирлөө менен белгилүү болот. Бирок, алар мындай төмөндүктөрдү эмнеге кылып жатышат? Эмне үчүн аларга ишенген адамдарды алдап жатышат? Бул суроолорго жооп табуу үчүн болсо пикирлөөнүн экинчи баскычы т.а. вакиъге туура өкүм чыгаруу даражасына көтөрүлүү керек. Алар биздин “акыл көзүбүздү” иштетпей жатканыбыздан пайдаланышып, өздөрүнүн жасалма аброю, бизнестери жолунда бардык нерсебизди курман кылышууда. Баалуулуктарыбызды, байлыктарыбызды жана келечегибизди ачкөздүктөрү себептүү талкалап жатышат. Калктын чыныгы досу жана жетекчиси болгон “Хизб ут-Тахрир”ди эл душманына чыгарып жатышат. Достон душманды, дили таза адамдан чыккынчыны, акыйкаттан батылды, туурадан туура эмести ажыратып берүүчү курал болгон “пикир”ге каршы чыгып жатышат.

Пикир – эң кымбат байлык, ага жетишүү үчүн олуттуу аракет кылынышы керек. Материалдык байлыктар, илимий ачылыштар, өнөржай тармагындагы ойлоп табуулар жана ушул сыяктуулардын даражасы пикирлерге салыштырганда бир топ төмөн болуп, аларга жетишүү да, аларды сактап калуу да пикирлерге байланыштуу. Себеби, эгерде үммөттүн материалдык байлыгы жок кылынса да, бирок, үммөт өзүнүн пикирий байлыгын сактап калган болсо, материалдык байлыкты тез арада тикелеп алышы мүмкүн. Ал эми эгерде үммөт материалдык байлыгын сактап калган болсо да, бирок пикирий байлыгынан айрылган болсо, анда бул байлык да тез арада колдон чыгып кетет жана үммөт жакырчылыкка түшүп калат. О.э. үммөт эгерде пикирлөө тарыйкатын жоготпогон болсо, өзү ойлоп тапкан, бирок кийинчерээк жоготкон көптөгөн илимий акыйкаттарга кайрадан жетишүүсү мүмкүн. Ал эми эгерде жемиштүү пикирлөө тарыйкатын жоготкон болсо, анда үммөт тез эле караӊгы болуп жана өзү жетишкен ачылыш жана ойлоп табуулардан куру калат. Ушуга ылайык, эң алгач пикирлерге катуу көӊүл буруу керек, кийин ушул пикирлер негизинде жана пикирлөөнүн жемиштүү тарыйкатына таянып материалдык байлыкка ээ болунат о.э. илимий ачылыштар, өнөржай тармагындагы ойлоп табуулар жана ушул сыяктууларга жетишүүгө аракет кылынат. (уландысы бар).

Абу Аюб Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here