Пентагон: АКШ 12-жылдын ичинде жаӊылыш түрдө 7 мамлекетке күйдүргү спораларын жиберген

283
0

АКШ аскерий лабораториялары акыркы 12 жылдын ичинде жаңылыш түрдө жалпы эсепте 7 мамлекетке күйдүргү спораларын жиберген.

 Бул тууралуу 23-июлда АКШ коргоо министринин биринчи орун басары Роберт Уорк жакында Пентагон тарабынан тирүү болгон күйдүргү спораларынын ар тарапка жиберилиши абалын текшерүү иштеринин жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынындагы сөзүндө айтты. Уорктун айтымында, жүз берген ушул абал АКШ аскерий-медициналык лабораторияларынын өтө кооптуу ооруларды чакыруучулар менен мамиле кылуудагы “өтө чоӊ көлөмдөгү киризиси” болду. Уорктун баса белгилешинче, ушул абал АКШда күйдүргү споралары менен иштөө, аларды рентген нурлары менен жансыздандыруу жана мындай үлгүлөрдү сыноодон өткөрүүдө бир бүтүн жалпы улуттук коопсуздук техникалык стандарт жоктугу себептүү жүз берген.

 Уорк сөз цифралар менен тастыкталып жаткан өтө чоӊ проблема туурасында болуп жатканын айтып өттү. “Дал ушул баскычта белгилүү болгондой, акыркы 12 жылдын ичинде 20 штаттагы жана Колумбия округундагы 86 лаборатория о.э. 7 чет мамлекет жансыздандырылды деп ойлонгон, бирок тирүү болгон спораларды алган”, – деб айтты Уорк. Ушул бардык үлгүлөр Юта штатындагы Дагуэй полигонундагы лабораториядан жөнөтүлгөн. Уорк “келтирилген цифралар көбөйүшү мүмкүн экендигин” кошумчалады.

 Булак: kun.uz

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here