Кыргызстан өкмөтү АКШ менен өз ара кызматташуу келишимин жокко чыгарды

307
0

15-июль күнү АКШ мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровду “Адам укугунун коргоочусу” сыйлыгы менен сыйлашынын артынан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Бишкектеги ишенимдүү өкүлү Ричард Майлзды 17-июль күнү министрликке чакырып нааразылык нотасын тапшырган эле. О.э. Кыргызстан өкмөтү мындан 22 жыл мурда кол коюлган өкмөттөр аралык кызматташтык келишимин бир тараптуу көрүнүштө бекер кылышы мүмкүндүгү туурасында билдирген эле. 21-июлга келип болсо Кыргызстан өкмөтүнүн маалымат кызматы премер-министр Темир Сариев келишимди ушул жылдын 20-августунан баштап бекер кылуу туурасындагы токтомго кол койгонун кабарланды.

 1993-жылы 19-май күнү Вашингтондо кол коюлган өкмөттөр аралык кызматташтык келишиминин негизинде АКШ Кыргызстанга экстремизмге каршы күрөштө, экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө о.э. агартуу жана демократиялык өнүгүү тармактарына финансылык жардамдарды берип келген. АКШнын Кыргызстандагы элчиканасы таркаткан маалыматка ылайык, жогорудагы келишим негизинде берилген жардамдын көлөмү 2 миллиард долларга барабар болгон.

Туркистон: 

Кыргыз өкмөтү АКШга карата Россия же Казакстан мамлекеттери жүргүзгөн саясаттарга окшогон саясат жүргүзүп көрүүгө аракет кылууда. Бирок, Кыргызстандын азыркы абалында бул карама-каршы саясий кежирдик аларга карата оорураак жана курчураак болушу мүмкүн.

Негизги проблема Кыргызстандын азыр төлөй албай турган даражада карызга батып калгандыгында эмес. Ал тургай, Кыргыз армиясынын – техникалык абалы, курал жарак жетишпестиги себептүү – өз чегарасын коргоо мүмкүнчүлүгү жоктугунда да эмес. Мындан тышкары, Кыргыз элитасы Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бирер аракет кылмак тургай, бул тууралуу ойлонбой да койду. Бирок, негизги проблема бул кайдыгерликте да эмес.

Негизги проблема – бул эл аралык саясаттагы теңсиздик негизинде түзүлгөн мыйзам жана нормаларда. Алар ар түрдүү резолюциялар жана адам жыргалчылыгы негизинде глобалдаштырылган о.э. ар түрдүү эл аралык уюмдар аркылуу башкарылып  жаткан уставдар менен расмийлештирилген. Бул эл аралык мыйзамдар, саясий, экономикалык, сакафий жана аскерий тараптарды көзөмөлдөп, аларды күчтүү жетекчи мамлекеттер үчүн ар бир тармакты өтө кызыкчылыктуу жана ыңгайлуу кылып берет. Калган мамлекеттерге болсо, жетекчи мамлекеттерге моюн сунушуна карай ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берет. Албетте бул позициялар ушул жетекчи мамлекеттердин учурдагы эл аралык саясатта ээлеп турган орун жана салмагына байланыштуу болот. Мисалы, Япония, Корея, Германия сыяктуу. Бул мамлекеттердин азыр экономикалык жактан өнүгүп бара жатышканыдыгынын себеби, булар АКШнын кол астында жана карамагында экендигинде. Орто Азия мамлекеттери жана Казакстан, Белорусия, Украина… сыяктуу Россияга караштуу бир нече мамлекеттер өтө начар абалда турушат. Алардын, ал тургай өздөрү каалашса да, Россиянын чеңгелинен чыгып кетиши жеңил болбойт.

Кыргызстан мамлекети да, ушул бузуку эл аралык саясаттын борбордук стратегиялык майданы болуп калды. Ал өзүнүн табигый байлыктары болгон Кумтөр жана дагы бир нече мүлктөрүнө өз өлкөсүндө да ээлик кыла албай жатат. Кыргыз элитасы бул алсыздыгын бири-бирине же илгери Кыргызстанды башкарып келген бир катар жетекчилерге шылтамакчы болушат. Алар проблеманын түп-негизин түшүнбөй турган саясатчылар болуп калышты. Себеби, капиталисттик түзүм чыныгы саясатчыларды бир четке сүрүп жиберди. Негизинен байлар саясат тизгинин өз колуна алууга мажбур болушту. Себеби, капиталисттик түзүмдө жакыр агрардык мамлекеттерде адамдар өз байлыктарын сактап туруусу өтө проблемалуу болуп калат. Натыйжада бул байлар алгач саясатчыларга сүйөнүп, алар аркылуу өздөрү бийликке келип алышты. Андан кийин алар чыныгы саясатчыларды удаама-удаа четке чыгарышып, өздөрү түздөн-түз саясатчыларга айланып алышты. Бирок, бул абал кыргыз саясий элитасын өтө алсыз жана жараксыз кылып жиберди.

Эми “АКШ бул элита өкүлдөрүн эмне кылып жибериши мүмкүн” деп бардыгы күтүп турат. Россия Кыргыз бийлигин сактап калуу үчүн бирер аракет кылып жиберер бекен деген үмүттөрү да бар. Бирок, бул күтүү жана үмүттөнүү ката позиция болуп, мунун натыйжасында бир балээден кутулуу үчүн башка, андан да жаманыраагына дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Себеби, бийликтин Кыргызстанды бүгүнкү абалга алып келүү тарыхына назар салсак, ар дайым бир тараптын басымынан качып экинчи тараптын биз үчүн өтө зыяндуу долбоорлорун кабыл алуунун натыйжасында жүз берген. Буга Кумтөрдүн кирип келиши жана о.э. бир нече стратегиялык маанилүү жана экономикалык жактан өтө пайдалуу обьектилердин арзыбаган баада сатылып кетиши, Манас аэропортуна АКШнын Ганси базасы киргизилиши о.э. чыгарып жиберилиши да, ушул кырдаалдан пайдаланып Канттагы Россиянын авиабазасы орношуп алышы да мисал боло алат.

Россия Кыргызстанга жардам бере албайт. Ал азыр өзүнүн бүтүндүгүн жана эл аралык саясаттагы позициясын сактап калуу жолдорун таба албай жатат. Анын позициясы Кыргызстанда жетекчи топ менен иштей берүү. Бул топ учурда бийликте турган жетекчи топ болобу же ага конструктивдүү оппозиция өкүлдөрүнөн турган жаңы келе жаткан топ болобу айырмасы жок. Бул абалды биз Акаевди Бакиев менен, аны болсо азыркы Атамбаев менен алмаштырып келе жатканынан көрүп турабыз. Бул позиция Кыргызстандын ар дайым бийлик үчүн күрөш боло бере турган бузук чөйрөлүү аймак болушуна алып барат. Россиянын бул позициясы Украинада, Янукович жана Юшенко ортосундагы тирешүү убагында күзөтүлгөн эле.

Кыргызстан бийлигинин проблемасы эмнеде? Алгач, жеке кызыкчылык жана коопсуздуктарын башкаруудагы негиз кылып алышкандыгында. Алар мурдараак (2010-жылы) көптөгөн каталарды кетиришкен. Ошондо да кудум азыркыдай, бийликти өз колдорунда сактап калуу үчүн Россиянын айла-амалдарына ыраазы болуп, өзбек улуттук элитасын бийликке жакындаштырбастык үчүн улуттар аралык согуштун пайда болушуна жол беришкен эле. Андан кийин өзбек улутуна карата күч органдары аркылуу катуу басым өткөрүү менен өзбек саясатчыларынын дээрлик бардыгын Кыргызстандан сүрүп чыгарышкан эле. Арадан бир нече жылдар өткөндөн кийин АКШ бул айыгып бара жаткан жараларды кайрадан чукулай баштады. Себеби, бул иште Кыргыз өкмөтүнүнүн колу бар экендигин ал жакшы билет. Өз кезегинде өкмөт өкүлдөрү жеке кызыкчылык жана коопсуздуктары жолунда кыргыз калкы жана мамлекеттүүлүгү үчүн өтө кооптуу жана катыйжасы күӊүрт болгон кадамдарды таштай баштады. Алар күчтөр бирдей болбогон күрөшкө биринчи болуп киришип алышты.

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here