АКШ үчүн Израилдин коопсуздугу биринчи орунда турат

322
0

АКШ коргоо министри Эштон Картер Жакынкы Чыгышка уюштурган сапарында Ирандын ядролук программасына тиешелүү келишимге кол коюлушунан тынчсызданган Израилди тынчтандырууга аракеттенди. Израиль коопсуздугу ар бир нерседен алдыда турушуна басым жасаган Картер Иран менен түзүлгөн ядролук келишим яхудийлер коопсуздугуна таасирин тийгизбестигин өзгөчө баса белгиледи.

Эштон Картер Жакынкы Чыгышка уюштурган сапарында Израилдин коргоо министри Моше Ялон менен жолугушту. Тель-Авивдеги коргоо министрлигинин имаратында өткөрүлгөн жолугушуунун артынан журналисттер үчүн ортоктош маалымат жыйын уюштурулду. Маалымат жыйынында Ирандын ядролук программасына тиешелүү келишим жана АКШ-Израиль ортосундагы алакалар талкууланды.

АКШ коргоо министри Иран менен түзүлгөн келишим Пентагон үчүн эч нерсени өзгөртпөстүгүн баса белгилеп, “Израилди коргоо туурасындагы милдеттерибиз аска сыяктуу бекем. Арабыздагы союз да ар дайымкыга караганда күчтүүрөөк”,“АКШ жана анын армиясы о.э. жеке мен үчүн Израилдин коопсуздугу биринчи орунда турат. Израилдин АКШдан жакшыраак досу жок”, – деп айтты.

Израилдин коргоо министри Моше Ялон Израиль коопсуздугун өз мойнуна алганы үчүн Америка админстрациясына ыраазылыгын билдирди.

“Ушул кезге чейин сиз Израилдин чыныгы досу экениӊизди далилдедиӊиз. Ар дайым Израилдин коопсуздугун биринчи орунга койдуӊуз. Израилдин коопсуздугуна кошкон салымыӊыз канчалык улуу экендигин көпчүлүк билет. Израилдин АКШдан улуураак досу жок. Биз бул жерде билдирүү берип турган бир мезгилде Израиль жана Америка улуу иштер үстүндө кызматташтыкта аракет кылууда”, – деди Ялон.

Эштон Картер Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен жолугушкандан кийин Саудия жана Иорданияга сапарын улантат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here