Рамазан айында өткөрүлгөн иш-чаралар

276
0

Түркияда Хизб ут-Тахрир уюму Исламий турмушту кайрадан баштоого даъват кылуу үчүн мубарак Рамазан айында бир нече иш-чараларды уюштурду. Бардыгына белгилүү болгондой, Рамазан айынын алгачкы жума күнүндө Халифалык мамлекетинин акыркы борбору болгон Стамбул шаарында үлкөн жүрүш уюштурду. Он миңдеген мусулмандардын катышуусунда уюштурулган бул жүрүш бардык мусулмандардын көзүн кубанткан болсо, демократ илманийлерди сарсанаага салып койду.

Ошол кызуу кайрылуунун артынан Түркиянын чыгышынан батышына чейинки, түндүгүнөн түштүгүнө чейинки бүт элдерге иптарлык уюштурулду. “Иптарга куш келипсиздер” демилгеси астында бардык орозо кармаган адамдар итарлык дасторконуна чакырылды. О.э. мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, идеологдор, интеллигенттер жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулду. Алардан күндүн негизги темасына айланган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу жана ушул жолдо аракет кылып жаткандарга жардам берүү талап кылынды.

Дагы ушундай иш-чаралардын бири катары “Лайлатул кадр” т.а. Кадыр түндө бүт дүйнөдөгү мазлумдардын акысына, айрыкча Чыгыш Түркстанда азап тартып жаткан мусулмандардын акысына “Кунут дубасы” уюштурулду. Бул иш-чара отуздан ашуун аймактагы чоӊ мечиттерде ишке ашырылды.

Жогорудагы иш-чаралардан Халифалык мамлекетинин тикеленишин зарыгып күтүп жаткандар жана аны талап кылып жаткандар – айрым адамдар дааба кылып жаткандай – азчылык эместиги белгилүү болду. Элдер топ-топ болушуп Халифалык мамлекетин канчалык ынтызар болуп күтүп жатышкандыгын көрсөтүштү. Мына ушулардан келип чыгып айтаарыбыз, Хизб ут-Тахрир уюму ушул айда бир нече жакшы кадамдарды таштоого жетишти. Халифалык мамлекети тезирээк тикеленишин Аллах Тааладан сурап калабыз.

لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ

“Амал кылуучулар мына ушундайча амал кылышсын!” (37:61)

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here